БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Балдар хосписинин башчысы Ольга Труханова социалдык тармакка 11 жаштагы кыз онкологиялык оорунун жардам берүүгө болбой калган стадиясында каза болгондугун жазды. Ал арада Саламаттыкты сактоо министрлиги дарыгерлерге карата жаза көрүлгөндүгүн билдирди.
Труханованын айтымында, ооруканадан кызды хосписке мурдагы күнү алып келген. Ал Арча-Бешик конушундагы №12 үй-бүлөлүк медицина борборунда каттоодо турган.
Директор кыздын энеси "онкологиялык ооруканадан чыккандыгы" жөнүндө кагазды алып, аталган борборго ооруну басаңдатуучу дарыны алыш үчүн баргандыгын билдирди. Бирок ал жерден аталган дарыга рецепт жазып берүүдөн баш тартышкан.
Хоспистин медайымы кызга эмнеге рецепт бербей жаткандыгын айтып борбордун дарыгерине чалган.
"Медайым бул суроого жооп алган эмес, бирок доктор эмне дары жазып берүүсүн тактап, көрсөтмө бергидей кимсиң деп айткан. 10 мүнөттөн кийин ошол эле дарыгерге чалдым",— деди Труханова.
Анда дарыгер кайсы бир протоколду бетине кармаган, бирок анын кандай документ экендигин так, даана аныктаган жок деп жазган директор.
Анын айтымына караганда, Труханова Саламаттыкты сактоо министрлигине арызданам дегенден кийин гана рецепт жазып берүүгө макулдугун берген.
"Ушундай сабатсыз, адамгерчилиги жок дарыгерлердин айынан бүгүн энеси кызынын жанында болом деген эң кымбат убактысын коротту. Кыз көз жумду, апасы жанында болгонго жетишип калды. Бала кыйналбай кетти, себеби бизде керектүү дарылар бар эле", — деп жазган Труханова.
Мындан улам кимдин айыбы бар экендиги такталып, медицина кызматкерлеринин оорулууга жардам көрсөтүүдө кемчиликтери аныкталган.
Анын жыйынтыгында төмөнкү чечимдер кабыл алынган:
Андан сырткары, Маматаевге бир катар кызматкерлерге карата чара көрүүгө көрсөтмө берилген. №28 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси менен №12 үй-бүлөлүк медицина борборунун башкы дарыгерлерине дисциплинардык чара көрүлсө, үй-бүлөлүк дарыгер менен медайым сөгүш алмакчы.
Ошондой эле Ленин райондук үй-бүлөлүк медицина борборлору бирикмесинин жетекчилигине бардык оорулууларга дары-дармектин жетиштүүлүгүн камсыздап, оорулууларды кабыл алууда этикалык талаптарды сактап, "Биринчи хоспис" менен сектор аралык байланышты чыңдоого тапшырма берилди.
Дарыгерлер коюлган диагнозго карап дарыларды жеңилдетилген шарты каралган рецепт жазып берет. Эгерде бейтапканада онколог-дарыгер жок болсо, рецептти үй-бүлөлүк дарыгер да бере алат.
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду дарыгер рецепт жазып берүүдөн баш тартса, 113 телефонуна чалуу керектигин айтышты.
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Кыргызстан Россияга коронавируска каршы "Спутник V" вакцинасын өлкө аймагында өндүрүүнү сунуш кылды. Бул тууралуу РФтеги элчилик кабарлады.
Кечээ Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Жыргалбек Сагынбаев Россиянын өнөр жай жана соода министри Денис Мантуров менен жолугушкан.
"Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Сагынбаев коронавирустан коргогон "Спутник V" вакцинасын Кыргызстандын аймагында өндүрүүнү уюштуруу мүмкүнчүлүгүн караштырууну сунуштады", — деп айтылат маалыматта.Мындан тышкары, жеңил өнөр жай ишканаларын өнүктүрүүдө жана өлкөдө өндүрүлгөн чийки заттарды экспорттоодо кызматташтыкты чыңдоо маселелери талкууланган. Тараптар жакынкы жылдары "өнөр жай картасын" иштеп чыгуу келишимине кол коюшкан.
Россия тарап өнөр жай тармагында инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун жеңилдетилген насыяларын пайдаланууну сунуштаган.
Мындан сырткары, Россиянын өнөр жай жана соода министри кыргыз тарапты апрель айында Өзбекстанда өтө турган "ИННОПРОМ" эл аралык көргөзмөсүнө катышууга чакырган.
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Жекшембиде күндүз республика боюнча жаан-чачын күтүлөт. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарында -1…-6, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында -4…+1, Нарын өрөөнүндө -7…-12 градусту көрсөтөт.
Бишкекте жана Ошто кар жаайт. Термометрдин көрсөткүчү борбордо -2…-4, Ош шаарында 0…-2 градуска жетет.