Кыргызстандыктар жаңы жылда 7 күн катары менен эс алат

Жазылуу
Өкмөт мындай кадам дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында жасалып жатканын түшүндүрдү.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Кыргызстандыктар жаңы жылда 7 күн катары менен, 1-январдан 7-январга чейин эс ала турганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Токтом долбооруна ылайык, мындай кадам дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында жасалууда.

Мында беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мамлекеттик бюджеттен каржыланган мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн 24-февралдагы дем алыш күнү (23-февраль дем алышка туш келет)  2-январдагы иш күнүнө, 9-марттагы дем алыш күн (8-март дем алышка туш болот) 3-январдагы иш күнүнө, 23-марттагы дем алыш күн (21-март дем алыш күнгө туш келет) 6-январдагы иш күнүнө, 11-майдагы дем алыш күнү (9-май дем алыш күнгө туш келет) 4-майдагы иш күнүнө которулары айтылат.

Өкмөттүн тиешелүү токтом долбоору учурда министрликтер жана ведомстволор менен макулдашуу процедурасынан өтүүдө.

Эскерте кетсек, Эмгек кодекси боюнча эгер майрам дем алышка туш келсе, андан кийинки дүйшөмбү эс алуу күнү болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0