КМШ өлкөлөрү Сирия менен Ирактагы балдарды биргеликте кайтарууну көздөйт

© Sputnik / Михаил Алаеддин / Медиабанкка өтүүЛагерь беженцев "Абу-Мазен" в Ливане
Лагерь беженцев Абу-Мазен в Ливане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстан жана Россиянын акыйкатчылары Жакынкы Чыгыштагы балдарды кайтаруу максатында Борбор Азиядагы өкүлчүлүктөр менен сүйлөштү.

БИШКЕК, 5-дек — Sputnik. КМШ өлкөлөрү Сирия менен Ирактагы балдарды алып келүү боюнча биргеликте иш алып барат.

Бул маселе Казакстандын балдар укуктары боюнча өкүлү Аружан Саин менен россиялык кесиптеши Анна Кузнецова экөөнүн Москвадагы жолугушуусунда талкууланды.

"Биз көбүнчө балдарды алып келүү боюнча КМШ өлкөлөрү менен кызматташууну сүйлөштүк. Эми бул багытта өзбекстандык, тажикстандык жана кыргызстандык кесиптештерибиз менен жолугуп талкуулайбыз", — деди Саин.

Сириядагы аял. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
19 жолу күйөөгө берип... Сирияда 6 жыл жашап келген казакстандык келиндин баяны
Ал шериктештикке кирген мамлекеттер менен жакынкы аралыкта иштер жүрөрүн кошумчалады.

"Бардык күчүбүздү жумшап, балдарды алып келүүгө биргеликте аракет жасайбыз. Балдар убактылуу башпаанектеген жерлерде же лагерлерде турушат. Ал жактагы казакстандык балдар тууралуу маалымат алуу менен бирге өзбекстандык жана россиялык чүрпөлөр боюнча да кабардар болду. Бирок биз аларды Казакстанга алып кете албайбыз. Эгерде биз биргеликте алар тууралуу маалымат чогултсак, аларды кайтаруу баарыбыз үчүн жеңил болот", — деди акыйкатчы.

Ал ушул жылдын аягына чейин КМШдагы башка мамлекеттердин өкүлдөрү менен бул тууралуу телефон аркылуу байланыша турганын билдирди.

"Буга бардыгы кызыкдар. Эч ким наристелерди ал жакта калтыргысы келбейт", — деп баса белгиледи Саин.

Анна Кузнецова Сириядагы жана Ирактагы балдарды издеп, аларды мекенине кайтаруу КМШ мамлекеттериндеги балдар укуктары боюнча иштеген өкүлдөрдү бириктире турганын айтты.

Лагерь беженцев в Латакии - Sputnik Кыргызстан
Сириядан 50гө чукул россиялык аялдар менен балдар табылды
"Ушунча мамлекет кызыкдар болуп жаткан соң кесиптешим Аружан Саин экөөбүз маселени чечүү боюнча айрым системалык документтерди издөөнү сүйлөштүк. Муну кызыкдар тараптардын өкүлдөрүнөн куралган убактылуу иштей турган жумушчу топ аткарышы мүмкүн. Мындан сырткары, керектүү чечим кабыл алуу үчүн КМШ өкүлчүлүктөрү менен да пикир алыштык", — деди Кузнецова маалымат жыйында.

Ал Сириянын аймагындагы "Аль-Хола" лагеринен балдарды алып келүү зарылдыгына да токтолду.

Жаңылыктар түрмөгү
0