Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов. Архивдик сүрөт

Музейдеги чыр боюнча маданият министрин да жазалоо сунушталды

253
(жаңыланган 12:02 05.12.2019)
Бишкектеги музейде "Феминале" көргөзмөсү болуп, андагы жылаңачтанган кыздардын жоругу коомчулукта катуу сынга алынган.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт өнөр музейиндеги жылаңач аялдардын көргөзмөсүнүн уюштурулушунда бир гана музейдин директору эмес, маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловдун да жоопкерчилигин кароо керектигин айтты.

Белгилей кетсек, бир жума мурда аталган музейде "Феминале" деп аталган көргөзмө болуп, андагы жылаңачтанган кыздардын жоругу коомчулукта катуу сынга алынган. Анын айынан музейдин директору Мира Жангарачева кызматтан кеткен.

"Жалпы эле Орто Азия эли үчүн ыплас, абийирсиздик деп эсептелген жылаңач аялдардын көргөзмөсү маданияттын туу чокусу болгон музейде уюштурулду. Анда бир гана музей директорунун эмес, маданият министринин да күнөөсү бар. Өкмөт анын да жоопкерчилигин карасын", — деди ал.

Депутат өз сөзүндө айрым депутаттарга кайрылып батыш, чыгыш жана башка элдердин маданиятын таңуулаштын кереги жок экенин, аны токтотуу зарылдыгын белгиледи.

253
Белгилер:
Чыр-чатак, музей, Махабат Мавлянова, Жогорку Кеңеш
Тема боюнча
Токаев менен Жээнбеков Айтматовдун үй-музейине барышты. Видео
Мас болуп учакта чыр салган кыздар. "Манастагы" самолёт убагында учпай калды
Жайлоодо мал кайтарып жүргөн киши. Архивдик сүрөт

Ишембиге карата аба ырайы

50
(жаңыланган 21:01 14.08.2020)
15-августта түнкүсүн Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Ал эми республиканын калган аймактарында күн ачык болот.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Эртең күндүз өлкөнүн айрым аймактарында маал-маалы менен жамгыр себелеп, күн күркүрөйт. Чүй, Ош жергесинин дыйканчылык аймактарында жана Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Окумуштуулар: жакында ысыктын айынан сыртта иштөө мүмкүн болбой калат

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +29...+34, Талас жергесинде +26...+31, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +30...+35, Ысык-Көлдө +22...+27 жана Нарын аймагында +21...+26 градус болору айтылды.

Күндүн табы Бишкекте +32...+34, Ош шаарында +31...+33, ал эми Чолпон-Атада +22...+24 градуска чейин жетет.

50
Белгилер:
аба ырайы, Кыргызстан
Тема боюнча
Ачка калбайбызбы? Кыргызстанда канча түшүм жыйналды
Противогаз кийген ӨКМ кызматкерлери. Архивдик сүрөт

Оштогу күйдүргү: ооруканада канча киши калды

90
(жаңыланган 21:36 14.08.2020)
Кара-Суу районундагы Тогуз-Булак айылында 24-августка чейин 288 киши көзөмөлдө болот. Эпидемияга каршы иш-чаралар уланууда.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Ошто күйдүргүгө шектелип ооруканага түшкөндөрдүн арасынан бирөөндө гана вирус аныкталды. Калган жети киши үйүнө чыгарылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

"Күйдүргү бир адамдан чыкты, калганы таза экен. 24-августка чейин айылда 288 киши көзөмөлдө болот. Эпидемияга каршы иш-чаралар уланууда”, — деп айтылат билдирүүдө.

Эске сала кетсек, 11-августта Ош шаарынын Кара-Суу районундагы Тогуз-Булак айылында күйдүргүгө шектелгендер болуп жатканы маалымдалган. Ош облустук клиникалык ооруканасы 2-августтан тарта сегиз бейтап түшкөнүн билдирген. Кийинчерээк бир кишиден күйдүргү оорусу лабораториялык жактан тастыкталып, Тогуз-Булак айылы карантинге алынган. 

90
Белгилер:
анализ, вирус, күйдүргү, Ош
Тема боюнча
Ош: күйдүргү чыккан уй эмделбегени үчүн ветеринарлар жазаланды