Чек арачы. Архивдик сүрөт

ЖКда 6 айдан бери качып жүргөн чек арачылардын маселеси көтөрүлдү

112
(жаңыланган 11:41 05.12.2019)
Белгилей кетсек, жергиликтүү бир нече ЖМК Кыргызстандан чыгарылган акчалар тууралуу кезектеги иликтөөсүн жарыялаган.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров алты айдан бери Аскер прокуратурасынан качып жүргөн майор Айбек Камчыбеков менен улук лейтенант Марлис Осмонбековдун айткандарын парламент жалпы палатада карап, профилдик комитеттер да талкуулап чыгышы керектигин айтты.

Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары биринчи ар кандай маселелерди карады.

Белгилей кетсек, жергиликтүү бир нече ЖМК Кыргызстандан мүшөктөп чыгарылган акчалар тууралуу кезектеги иликтөөсүн жарыялаган. Анда майор Айбек Камчыбеков менен улук лейтенант Марлис Осмонбеков курьерлер акчаны кантип ташыганын айтып беришкен.

"Ант берген офицерлердин айтып жатканын угуп "кандай мамлекетте жашап жатабыз" деп жүрөгүм ооруду. Чек ара кызматкерлери — майор Камчыбеков, улук лейтенант Осмонбеков экөө чыгып (ЖМКга — ред.) алты айдан бери качып жүрөбүз деп жатат. Аскер прокуратурасынын тергөөчүсү капитан Эмирбек Алиев ушул ишти көтөрүп чыгып кылмыш ишин козгоптур. Эгер Аскер прокуратурасы ушундай иштерге барып жатса, погон тагынгандар ошолордон качып жүрсө, биз азыр кимге ишенебиз?" — деп суроо салды депутат.

Сабиров өз сөзүндө бул маселе боюнча парламенттин тиешелүү комитеттерине тапшырма берип, окуяны алар да карап чыгышы керектигин өтүндү.

"Бул жөн нерсе эмес, мамлекеттин коопсуздугу деп айтсак болот. Погон тагынган полковниктер, майорлор, аскер кызматкерлери ушундай сөздөрдү айтып жаса, биз ага реакция кылбасак туура эмес болот", — деди ал.

Эл өкүлү, андан сырткары, парламенттеги өкмөт менен президенттин өкүлүнө дагы кайрылып, буга мамлекеттик жетекчилер реакция кылышы керектигин кошумчалады.

112
Белгилер:
чек ара, пара, Максат Сабиров, Жогорку Кеңеш
Тема боюнча
Финпол: Кыргызстандан 700 млн. эмес, 900 млн. доллар чыгарылган