"Ак кула" ат майданына Үсөн Кудайбергеновдун атын берүү сунушталды

© пресс-служба мэрии города БишкекВыезд на ипподром "Ак-Кула" мэра Бишкека Азиза Суракматова
Выезд на ипподром Ак-Кула мэра Бишкека Азиза Суракматова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белгилей кетсек, Үсөн Кудайбергенов актердук жана каскадерлук карьерасында 300дөн ашык киного тартылган.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Бакирдин Субанбеков Бишкектеги негизги ат майданга каскадер, актер Үсөн Кудайбергеновдун атын ыйгарууну жердештери менен мамлекеттик ишмерлер суранып жатканын билдирди.

Бүгүн парламентте биринчи маселе болуп "Ар кандай маселелер" каралды.

Кыргызстандык белгилүү каскадер жана режиссер Үсөн Кудайбергенов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кондучалованын күйөө баласы болгон. Каскадер Үсөн Кудайбергенов тууралуу 8 факты
Субанбеков өкмөттүн 2019-жылы белгилене турчу юбилейлик иш-чаралардын катарына Кудайбергеновдун 70 жылдыгын белгилөө да киргенин, бирок каражаттын жоктугунан мааракени белгилөө кийинки жылга жылдырылганын айтты.

Белгилей кетсек, Үсөн Кудайбергенов актердук жана каскадерлук карьерасында 300дөн ашык киного тартылган. Советтер Союзунун киностудияларында гана эмес, Америка, Германия, Италия, Францияда дагы каскадерлук иштерин уланткан.

40 метр бийиктиктен атчан сууга секирип түшкөнү үчүн Кыргызстандан биринчилерден болуп Гиннесстин рекорддор китебине кирген.

Эске салсак, Бишкек мэриясы "Ак кула" ат майданы оңдоло турганын айтып, анын эскиздерин да жарыялаган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0