Жунушалиев: өлкөдө үч уюшкан кылмыштуу топ каттоодо турат

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүТапанча. Архивдик сүрөт
Тапанча. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрдин айтымында, жалпы катталган иштин ичинен 64 737 фактысы кылмыш болуп саналат. Бул былтыркыга караганда 42 438 кылмышка же 190,3 пайызга көп дегенди билдирет.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев 2019-жылдын 10 айында Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 126 774 окуя катталганын айтты.

Открытие уголовного дела в КР - Sputnik Кыргызстан
Талант Исаевге козголгон кылмыш иши кыскартылды
Учурда Жогорку Кеңеште "Кылмыштуулук менен күрөшүү жана "Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө" мыйзамды аткаруу боюнча Кыргызстандын укук коргоо жана башка мамлекеттик органдарынын аткарган иши тууралуу" токтомдун долбоору каралууда. Андан сырткары, аткезчилик жол менен ташылып келген товарлар боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалыматынын токтомунун долбоорун карап жатат.

Министрдин айтымында, жалпы катталган иштин ичинен 64737 фактысы кылмыш болуп саналат. Бул былтыркыга караганда 42 438 кылмышка же 190,3 пайызга көп. Ал эми калган 62 037 факты жоруктар болуп саналат.

"ИИМдин атайын эсебинде уюшкан кылмыштуу топтордун 421 мүчөсү менен үч уюшкан кылмыштуу топ каттоодо турат. 2019-жылдын 10 айында уюшкан кылмыштуу топтун 136 мүчөсү кармалган", — деди ал.

Министр, андан сырткары, бүгүнкү күнү уюшкан кылмыштуу топтордун 14 мүчөсүнө мамлекеттик жана эл аралык издөө жарыяланганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0