Көлдө 5 кишинин өмүрүн алган кырсык. BMW X5 айдоочусуна соттун өкүмү чыкты

© фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналуЫсык-Көл облусунда болгон беш адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы. Архив
Ысык-Көл облусунда болгон беш адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
30-август күнү Кызыл-Өрүк жана Сары-Камыш айылдарынын ортосунда BMW X5 менен BMW жеңил унаасы кагышып, беш адам каза тапкан.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Ысык-Көл райондук соту беш адамдын өмүрүн алган жол кырсыгына себепкер болгон 41 жаштагы Ф.Е. аттуу айдоочу аялды сегиз жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Последствия ДТП на трассе Бишкек — Ош. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын жол кырсыгы көп болгон аймактары. Жүрөк ооруткан графика
Маалыматка караганда, чечимди Ысык-Көл райондук соту бүгүн, 5-декабрда, чыгарды. Сот айдоочуну Кылмыш-жаза кодексинин 29-297-беренеси ("Мас абалында автоунаа каражаттарын пайдалануу менен жол кыймылынын эрежесин бузуу") жана 135-2-беренеси ("Кылдатсыздыктан өлүмгө алып келүү") менен айыптап, сегиз жылга эркинен ажыратты. Ошондой эле аялга үч жылга чейин унаа айдоого тыюу салып, 90 миң сом айыпка жыкты.

Эске салсак, жол кырсыгы 30-август күнү болуп, Кызыл-Өрүк жана Сары-Камыш айылдарынын ортосунда BMW X5 менен BMW жеңил унаасы кагышып, беш адам каза тапкан. Алардын арасында бир жаштагы наристе да бар болчу. Жолтандабастын аял айдоочусу менен жүргүнчүсү түрдүү жаракат менен ооруканага жаткырылган.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Жаңылыктар түрмөгү
0