"БеспределKG" баракчасынын администраторунун баш коргоо чарасы өзгөртүлдү

© AFP / ALAIN JOCARDАбак. Архив
Абак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Соттун буга чейинки чечими боюнча шектүү 2020-жылдын 24-январына чейин камакта болушу керек эле, бирок сот чечимин өзгөрттү.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Facebook тармагындагы "Беспредел KG" баракчасынын администраторунун баш коргоо чарасы өзгөртүлдү. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан кабарлашты.

Ысык-Көл облусунда болгон беш адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көлдө 5 кишинин өмүрүн алган кырсык. BMW X5 айдоочусуна соттун өкүмү чыкты
Билдирмеге караганда, ал бүгүн, 5-декабрда, үй камагына чыгарылды.

Буга чейин УКМК (24-ноябрда) социалдык тармактын А. Ж. аттуу колдонуучусун аймак аралык кастыкты козутту деп кармаган.

Ал эми Биринчи май райондук соту анын баш коргоо чарасын карап, 2020-жылдын 24-январына чейин УКМКнын убактылуу тергөө абагына киргизүү чечимин кабыл алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0