Гепатит кантип жугат жана сактануу жолдору кандай? Министрлик жооп берет

© Sputnik / Николай ХижнякДарыгер. Архив
Дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чарчоо, оң жактагы кабырга астынын салмактанышы, табиттин жоголушу байкалаары менен В жана С гепатитине текшерилүү үчүн дарыгерге кайрылуу керек.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Вирустук гепатит — кеңири тараган жана айрыкча боорду жабыркатуучу коркунучтуу инфекциялык оору. Бул оорудан сактануунун жолдору тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги маалымат таратты.

Вирустуу гепатиттин беш түрү бар, алар — А, В, С, Д жана Е.

Гепатиттин В, Д жана С вирустук түрүнүн кесепети оор болгондуктан, ден соолукка коркунучу чоң.

Гепатит кантип жугат?

  • ооруган, жуктуруп алган адамдын каны же биологиялык суюктугу дени соо (туруштук бере албаган) адамдын организмине келип түшкөндө;
  • ийне аркылуу баңгизат колдонуучулардын арасында жалпы шприц жана ийне пайдаланган учурда;
  • стерилденбеген аспаптар менен медициналык манипуляция жасаган учурларда, текшерүүдөн өткөрүлбөгөн кан жана анын компоненттерин башка адамга куйганда;
  • устара жана маникюр аспаптарын, тиш щёткаларын чогуу колдонгон учурда;
  • стерилденбеген аспаптар менен татуировка жасоо, ийне саюу, кулакты көзөтүүдө;
  • корголбогон жыныстык катнаш учурунда (кертмек капсыз). Капысынан болгон төшөк байланыштарына барган же жыныстык бир нече өнөктөшү бар адамдарда жугузуп алуу мүмкүнчүлүгү жогору.

Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар бейтапканасынын гепатология бөлүмүнүн башчысы Чолпон Идирисова - Sputnik Кыргызстан
Радио
Идирисова: өлкөдө 4774 киши сарыктын беш түрү менен ооруйт
Эске салсак, В жана С гепатитинин энеден балага жугуусу көп кездеше бербейт. Эгерде кош бойлуу аялда вирустун активдүү формасы болсо же кош бойлуулуктун акыркы айларында курч гепатит менен ооруган болсо коркунуч жогорулайт.

Оору кантип билинет?

Оорунун инкубациялык мезгили (жугузган учурдан тартып белгилери билингенге чейинки мезгил) 2 айдан 6 айга чейин созулат. В жана С гепатиттери курч жана өнөкөт формада өтүшү мүмкүн.

Гепатиттин белгилери төмөнкүлөр:

  • алсыроо, чарчоо;
  • табиттин жоголушу;
  • оң жактагы кабырга астынын салмактанышы жана оорутушу;
  • көңүл айлануу, кусуу;
  • дене табынын 38°С чейин жогорулашы;
  • боор жана көк боордун чоңоюшу;
  • көздүн агынын жана теринин саргайышы;
  • тамак сиңирүүнүн бузулушу;
  • заң түсүнүн агарышы;
  • зааранын күңүрт болушу.

Оору тууралуу билбей калышат

С гепатитинде дайыма эле саргаюу жана дене табынын жогорулашы байкала бербейт.

Оору катталган учурлардын 85 пайызында В жана С гепатити симптомдорсуз өтө тургандыгын белгилей кетүү маанилүү. Көптөгөн адамдар өздөрүнүн оорусу тууралуу билбейт жана айланасындагыларга жугузушу мүмкүн. Парентералдык вирустуу В, Д жана С гепатити лабораториялык изилдөөлөрдө гана аныкталат.

Кабырганын асты салмактанса...

В гепатитинин вирусу өзгөчө тышкы чөйрөдө туруктуу, вирус жогорку 132°С температурада гана өлөт. Эгерде гепатитти курч мезгилинде дарылабаса, ал өнөкөт түрүнө айланат. В жана С өнөкөт гепатиттери узак жана көп жылга созулуп, оор абалга — цирроз же боордун рагына өтүшү мүмкүн.

Всемирный день борьбы с туберкулезом в Индии - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда кургак учук менен ооругандар көбөйдү
Спирт ичимдиктерин ашыкча ичүү же баңгизаттарды колдонуу боор циррозунун өрчүүсүн тездетиши мүмкүн. Чарчоо, оң жактагы кабырга астынын салмактанышы, табиттин жоголушу байкалары менен В жана С гепатиттерине текшерилүү үчүн дарыгерге кайрылуу керек.

Кан менен байланышкан манипуляция жасоо учурунда стерилденбеген аспаптарды колдонууда же жалпы саюу-кесүү шаймандарын пайдаланууда дагы шек туулса гепатитке текшерилүү шарт. Канда гепатит вирустарынын бар экендигин канга анализ тапшыруу менен гана аныктоого болот.

В жана С гепатити менен ооруп калбоо үчүн:

  • өздүк гигиена каражаттарын өз-өзүнчө пайдалануу (тиш щетка, устара жана маникюр аспаптарын);
  • баңгизат саюу үчүн жалпы шприц жана ийнени пайдаланбоо;
  • медициналык жана косметологиялык процедураларды жасоо учурунда бир жолу пайдалануучу аспаптардын стерилденгендигин жана колдонулушун көзөмөлдөө;
  • кооптуу сексуалдык жүрүм-турумдан качуу же кертмек кап колдонуу керек.

Азыркы учурда В вирустук гепатитине гана каршы вакцина бар. В гепатитине каршы эмдөө Кыргызстандын алдын ала эмдөө боюнча улуттук календарына ылайык, балдарга төрөлгөн учурда жасалат жана 2,3,5 жана 6 айында кайталанып турат.

Эмдөө балдарга акысыз жүргүзүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0