Бишкек ТЭЦин модернизациялоодогу коррупция боюнча айыпталган мурдагы финансы министри Ольга Лаврова. Архив

Небере багам деп ойлогом... Экс-министр сотто акыркы сөзүн айтып ыйлап жиберди

10775
(жаңыланган 16:25 06.12.2019)
Айып тагылып жаткан Ольга Лаврова 2012-2015-жылдары Кыргызстандын финансы министри болуп иштеген. Ал кызматын так өтөгөнүн белгиледи.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Бишкек ТЭЦин модернизациялоодогу коррупция боюнча айыпталган мурдагы финансы министри Ольга Лаврова сотто акыркы сөзүн сүйлөп жатып көзүнө жаш алды.

Ал СССР убагынан бери жигердүү иштеп жатканын белгилеп, 35 жыл жетекчилик кызматты аркалаганын эске салды.

Ал эми 42 жылдык эмгек жолунда бир дагы калпыстык кетирбегенин билдирди.

"Дагы бир-эки жылдан кийин пенсияга чыгам, неберелеримди карап үйдө отурам деп ойлогом. 2012-жылы Жантөрө Сатыбалдиев чакырып, "дефицит өсүп жатат, финансы тармагын жөнгө салып бериңиз. Бул жерде менин эмес, мамлекеттин кызыкчылыгы каралып жатат" деп суранган. Макул болуп натыйжалуу иштеп, өз ыктыярым менен кеткенден кийин кылмышка айыпташканы катуу сокку болду", — деп көзүнө жаш алды экс-министр.

Ольга Лаврова 2012-2015-жылдары финансы министри болуп иштеген.

Жараян учурда Бишкектин Свердлов райондук сотунда өтүп жатат.

Айыпталуучулардын тизмесинде Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, Осмонбек Артыкбаев, Салайдин Авазов, Жолдошбек Назаров, Темирлан Биримкулов, Айбек Калиев, Ольга Лаврова бар. Баары акыркы сөзүн айтып бүттү. Сот өкүм чыгаруу үчүн кеңешүү залына чыгып кетти.

10775
Белгилер:
чечим, Ольга Лаврова, Сапар Исаков, реконструкция, ТЭЦ, сот
Тема:
ТЭЦ боюнча козголгон кылмыш иштер жана кармалгандар (70)
Тема боюнча
Жантөрө Сатыбалдиевди актоону суранып 8 экс-премьер сотко кайрылды
Тест-системалар. Архивдик сүрөт

Россия гумжардам катары Кыргызстанга 100 миңден ашык тест-система берди

27
(жаңыланган 00:03 14.07.2020)
Саламаттыкты сактоо министрлиги кыргыз өкмөтүнүн атынан Россия Федерациясына жана Роспотребнадзорго ыраазычылык билдирди.

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Коронавирус инфекциясына каршы күрөштүн алкагында Россиядан Кыргызстанга гуманитардык жардам келди. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Анда COVID-19ду аныктоочу тест-системалардын бир нече партиясы берилгени айтылат.

"Жалпысынан жардам иретинде 80 720 изилдөө жүргүзүү үчүн 820 ПЦР тест-системасынын комплектиси, 24 000 изилдөө үчүн толук эмес 480 топтом келди", — деп жазылат маалыматта.

Роспотребнадзордун жетекчиси кыргыз медиктеринин кесипкөйлүгүнө баа берди

Саламаттыкты сактоо министрлиги кыргыз өкмөтүнүн атынан Россия Федерациясына жана Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү көзөмөл боюнча федералдык кызматына көмөктөшүүсү үчүн ыраазычылык билдирип, коронавирус менен мындан аркы күрөшүүдө жемиштүү кызматташууга ишеним артты.

27
Белгилер:
аныктоо, тест, гуманитардык жардам, Россия
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Ферганадан Баткенге гуманитардык жардам келди
Кыргызстанга Кытайдан 500 кычкылтек концентратору алып келинди. Сүрөт
Таалайбек Боромбаев үй бүлөсү менен. Архивдик сүрөт

Уюн сатып согуш катышуучуларына эстелик тургузган Боромбаев каза болду

46
(жаңыланган 23:48 13.07.2020)
Таалайбек Боромбаев I топтогу майып, Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Корумду айылынын тургуну.

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Уюн сатып Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине эстелик тургузган Корумду айылынын тургуну Таалайбек Боромбаев көз жумду. Кабарды Sputnik Кыргызстанга анын жакындары тастыктады.

Боромбаев узакка созулган оорудан улам каза болгону айтылат.

Көрүүсү начар, I топтогу майып, Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Корумду айылынын тургуну 2015-жылы эстелик тургузуу үчүн уюн саткан. Ал ошондой эле мемориалды курган жумушчуларга тамак даярдаш үчүн дагы бир уй жана бир канча кой сойгон.

Концерт коюп барып, калып калган... Улуу Жеңишти жакындаткан кыргызстандыктар

Үч мармар таштан турган эстеликте жоокердин элеси чагылдырылып, Корумду айылынан Улуу Ата Мекендик согушка барган катышуучулардын аты-жөнү чегилген. Жалпы жонунан мемориалга 4 миң доллар сарпталган.

Корумду айылынан Улуу Ата Мекендик согушка 119 жигит аттанып, алардын 79у туулган жерине кайткан эмес. Бирок аларга арналып эстелик тургузулбаганына кайгырган карыя өз күчү менен жасоого киришкен. Натыйжада элдин жана жергиликтүү бийликтин колдоосуна татып, Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата ачылган.

46
Белгилер:
карыя, өлүм, Корумду
Тема боюнча
34 жашта эле... "Манас" аэропортунун мурдагы вице-президенти көз жумду
Чайпалткан кырдаал сизди да чарпый кетти. Sputnik Михаил Рогожин менен коштошту