ТЭЦти көмүрдөн газга которсо болобу? Энергохолдингдин жообу

Жазылуу
Бишкектеги жылуулук электроцентралы (ТЭЦ) көмүр менен иштейт. Бирок көмүрдү күйгүзүү үчүн газ менен мазут дагы колдонулат.

БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Бишкек ТЭЦин көмүрдөн газ менен мазутка өткөрсө болот, бирок ал кымбатка турат. Бул тууралуу Улуттук энергохолдингдин төрагасы журналисттерге билдирди.

"ТЭЦти мазутка же газга өткөрсө болот, бирок баалар үч эсе көбөйөт. Учурда ТЭЦ отун алыш үчүн жылына 4 миллиард доллар кетет. Эгер аны мазутка же газга өткөрсөк, бул сумма 9 миллиардга чейин жетиши ыктымал. Аны ким төлөйт?" — деп Назаров суроо салды.

Бишкектеги жылуулук электроцентралы (ТЭЦ) көмүр менен иштейт. Аны күйгүзүү үчүн газ менен мазут дагы колдонулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0