Төрага жаңы шаар ойлоп таптыбы? Жумабеков тилинен жаңылган видео

© Фото / пресс-служба ЖКЖогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков
Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков Германиянын Франкфурт-на-Майне шаарынын аталышын туура эмес окуп алып соцтармактын сынына кабылды.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Спикер жалпы жыйында 2017-жылдын 25-сентябрында Люксембург шаарында кол коюлган "Агрардык өндүрүштүк-сатып өткөрүү байланыштарын каржылоо" долбоору боюнча Кыргызстан менен Европа инвестициялык банкынын ортосундагы каржылоо жөнүндө макулдашууну окуган.

Ошондой эле 2017-жылдын 18-сентябрында Франкфурт-на-Майне шаарында кол коюлган "Агрардык өндүрүштүк-сатып өткөрүү байланыштарын каржылоо" долбоору боюнча Кыргызстан менен Германия өнүктүрүү банкынын (KfW) ортосундагы Каржылоо жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу" мыйзамдын долбоорун дагы окуган.

Ушул учурда Жумабеков Франкфурт-на-Майне деген шаардын атын "Франкфурт жана Маяне" деп айтып, андан кийин дагы бир ирет "Маяне шаарында" деп кайталаган.

Социалдык тармактын колдонуучулары төраганын айткандарын таң калуу менен кабыл алды.

Руслан Карыпбеков аттуу колдонуучу мындай шаар жоктугун айтып, аталышы Майн дарыясынын жээгиндеги шаар дегенди түшүндүрөрүн жазган.

Ал эми Семетей Аманбеков "Франкфурт жана Маяни деген жаңы шаар пайда болдубу?" деп какшыктаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0