Бишкек шаары. Архив

Кыргызстандын шаарларындагы аба канчалык кир экени айтылды

295
Бишкек, Ош, Кара-Балта, Токмок жана Чолпон-Ата шаарларындагы абанын булгануу деңгээли текшерилген. Жыйынтыгында бир эле шаарда кырдаал өзгөрбөгөнү белгилүү болгон.

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Ноябрь айында Кыргызстандын айрым шаарларындагы атмосферанын булгануу деңгээли октябрдагы көрсөткүчтөргө салыштырмалуу начар болду. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, ноябрда абанын кескин булгануусу байкалган эмес.

"Бишкектин абасында айдын эсеби менен алганда азоттун диоксиди менен оксиди бир аз көбөйгөн. Формальдегид менен аммиак да жогорулаган. Кара-Балта шаарында күкүрт, азот диоксиддери жана азот оксиди көбөйгөн", — деп жазылат маалыматта.

Ал эми Токмок шаарында азот диоксиди, азот оксиди бир аз жогорулап, күкүрт оксидинин деңгээли өзгөргөн эмес. Чолпон-Атада күкүрт оксиди көбөйсө, Ош шаарында күкүрт оксиди менен азот диоксиды октябрь айындагы көлөмүндөй (0,08 жана 0,75) эле калган.

295
Белгилер:
шаар, ӨКМ, Кыргызстан
Тема боюнча
Бишкек мэриясы аба булганганын айтып, тургундарды бет кап кийүүгө чакырды
Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимовдун кармалышы. Архив

УКМК Райым Матраимов боюнча билдирүү таратты

406
(жаңыланган 12:49 30.11.2020)
УКМКнын билдиргенине караганда, Матраимов боюнча ишти кароо учурунда коррупциялык схемага тиешеси бар башка дагы кызматкерлер аныкталган.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимовдун сотко чейинки өндүрүш ишин кароону улантып жатат. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, ишти кароо учурунда коррупциялык схемага тиешеси бар башка дагы кызматкерлер аныкталган.

"Бул иш менен биргеликте Кыргызстандын бюджетине келтирилген зыяндын ордун толтуруу иштери дагы улантылууда", — дешти УКМКдан.

Тергөөнүн Бажы кызматында мурда иштеп кеткен жана азыр да иштеп жаткандардын топ түзүп алып, тышкы экономикалык ишмердүүлүктү жүргүзгөндөрдү калкалап, бул "кызматы үчүн" системалык түрдө акча алып тургандыгы боюнча далилдерди улам алып жатканы айтылды.

"Жүргүзүлгөн тергөөлөрдүн жана сотко чейинки өндүрүш иштеринин жыйынтыгы, кылмыш жоопкерчилигине тартылгандардан канча акча өндүрүлгөнү, чыгымдын көлөмү тууралуу коомчулукка төкпөй-чачпай маалымдалат", — деп билдиришти УКМКдан.

Эске салсак, Матраимов 20-октябрда бажы тармагындагы коррупция боюнча айыпталып, УКМК кызматкерлери тарабынан кармалган. Комитет ал учурдун сүрөттөрүн да жарыялаган болчу.

Кийинчерээк Матраимов мамлекетке келтирилген эки миллиард сомдук зыянды ноябрдын соңуна чейин толтуруп берүүгө даяр экенин билдирип, 80 миллион сом которгону маалымдалган.

20-октябрда Биринчи май райондук соту анын баш коргоо чарасын карап, андан сыртка чыкпоо тууралуу тил кат алган.

406
Белгилер:
тергөө, Мамлекеттик бажы кызматы, коррупция, Райымбек Матраимов, Кыргызстан
Тема:
Райым Матраимовдун кармалышы
Тема боюнча
УКМК башчысы Матраимовдун өкүл баласын кабыл алды. Видео
Райым Матраимов келтирген зыяндын ордун толтура баштады. 80 млн. сом которулду
Мурдагы вице-премьер Тайырбек Сарпашев. Архив

Бүгүн Сарпашев Финполго суракка келет

16
(жаңыланган 12:32 30.11.2020)
Буга чейин Финансы полициясы Сарпашевге карата мыйзамсыз баюу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш баштаганын кабарлап, суракка чакырыларын айткан.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Мурдагы вице-премьер Тайырбек Сарпашев бүгүн кечкурун Финансы полициясына суракка келет. Бул туурасында аталган ведомстводогу маалымат булагы билдирди.

Эске салсак, Финансы полициясы Сарпашевге карата мыйзамсыз баюу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш баштаганын кабарлап, суракка чакырыларын айткан.

Белгилей кетсек, Тайырбек Сарпашев 2012-2014-жылдары Кыргызстандын экономика жана инвестиция боюнча вице-премьер-министри болуп эмгектенген. 2020-жылдын ноябрь айында Финпол анын үйүн тинтүүгө алган.

Тергөөгө ылайык, 2016-жылы президенттин аппаратынын кызматкерлери, Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилиги, судьялар жана сот тутумунун өкүлдөрү соттун чечимдерин жасалмалап, Максим Бакиевге жакын кишилердин мүлкүн камакка алуу чечимин жокко чыгартышкан. Алар муну менен "Г.Э" ишканасынын кызыкчылыгын көздөшкөн. Сарпашев 2015-2017-жылдары Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы болуп турган.

16
Белгилер:
финансы полициясы, Тайырбек Сарпашев, Кыргызстан
Тема боюнча
Октябрь районунун мурдагы акими Куценко үй камагына чыгарылды
Бакиевдин жакындарына жардам берген. Бишкекте мурдагы судья кармалды