Жалал-Абаддагы элет турмушун жакшыртууга 1,9 млн. евро грант берилет

© Sputnik / Зульфия ТургуноваЖалал-Абад шаары. Архив
Жалал-Абад шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Аймактарды комплекстүү өнүктүрүү" программасынын алкагында жарыяланган сынакта 8 долбоор жактырылган.

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун экономикасын өнүктүрүү жана калктын жашоо шартын жакшыртуу максатында 1,9 миллион евро грант берилет. Бул туурасында шаар мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.

Участие президента КР Сооронбая Жээнбекова в седьмом заседании ССТГ - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков 20 млн. доллар бериле турган эл аралык документти ратификациялады
Билдирүүгө ылайык, "Аймактарды комплекстүү өнүктүрүү" программасынын алкагында жарыяланган сынакта айыл чарба, туризм жана кайра иштетүү тармагындагы 8 долбоор жактырылган. Ал Европа биримдиги жана Германиянын экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү федералдык министрлиги (аткаруучу GIZ) тарабынан каржыланат.

"Аймактарды комплекстүү өнүктүрүү программасы" Жалал-Абад облусунун калкынын жашоо-шартын жакшыртууга багытталган. Ал 2018-жылдан 2022-жылга чейин иш алып барып, жалпы бюджети 11,3 миллион еврону түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0