Индия менен Кытай кыргызстандыктарга акысыз окууга 19 орун берди

© AFP / FREDERICK FLORINСтуденттер. Архив
Студенттер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2020-2021-окуу жылына карата акысыз орундар магистратура, аспирантура жана докторантура боюнча окуй тургандарга берилген.

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Кытай Кыргызстандын жарандарына 2020-2021-окуу жылында акысыз окууга 13 орун берди. Ал эми Индия мамлекети алты бюджеттик орун бөлдү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Руководитель IT компании Cybertek в Чикаго Эсен Ниязов - Sputnik Кыргызстан
120 миң долларга чейин маяна алабыз. АКШдагы программист Эсен Ниязовдун маеги
Билдирмеге ылайык, акысыз орундар магистратура, аспирантура жана докторантурада окуй тургандарга берилген.

Кытайдагы акысыз окууга тандоо көз карандысыз комиссия тарабынан 2020-жылдын 9-январында эки тур менен Мамлекеттик башкаруу академиясынын имаратында өтөт. Ага кимдер катыша аларын жана талаптарын министрликтин расмий сайтынан таанышыңыз.

Ал эми Индиянын жогорку окуу жайларынын тизмесин, тандоо критерийлерин жана билдирмени толтуруу боюнча аталган өлкөнүн Маданият мамилелери кеңешинин сайтында толук жазылган.

"Талапкерлер керектүү сертификат менен документтерди онлайн түрүндө толтурууга тийиш. Ошондой эле арыз жана башка тиешелүү документтердин көчүрмөлөрүн 2020-жылдын 15-январына чейин Индиянын Кыргызстандагы элчилигине жеткирүү керек", — деп жазылат маалыматта.

Кошумча маалымат алуу үчүн Билим берүү жана илим министрлигинин 0312 664 811 байланыш телефонуна чалууга болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0