БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Кыргызстандын соттору Батыштагы кээ бир кесиптештерине караганда жакшы жабдылган. Бул туурасында Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева журналисттерге айтып берди.
Анын маалыматына караганда, жарандар санариптештирүүнүн бир катар жыйынтыктарын көрүп жатышат. Тагыраагы, иштер, электрондук отчеттор автоматтык түрдө бөлүнөт. Андан сырткары, соттук 80 зал, башкача айтканда, өлкөдөгү залдын үчтөн бирине видео жана аудиофиксация жасалган. Бул иштин ачыктыгын камсыздайт.
"Буга чейин соттор андай же мындай деген кеп-сөздөр болгон, бирок кээде тараптардын өздөрүнөн да кетет. Эми алардын баары видеодон көрүнүп турат", — деди Калиева.
"Ошол өлкөлөрдүн экономикалык өнүгүүсүнө карабай алардан алдыга кеттик. Алардын судьясы өкүмдү диктофонго жазып, жардамчысы кагазга түшүрөт, ал эми бизде аудио-видеофиксация бар", — деп кошумчалады ал.
Бүгүн, 9-декабрда, Бишкекте сот системасынын 95 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өтүп жатат.
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Ырчы Анжелика Кайратова кыздары менен чогуу келе жатып, Ысык-Көл облусунда жол кырсыгына кабылган. Анын беш жаштагы кызы жабыркап, ооруканага түшкөнүн Облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун директору Жибек Жайылмышева билдирди.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
"Автоунаада беш киши болгон. Ырчынын беш жаштагы кызынын эки бутунун тең сан сөөктөрү сынып кеткен. Башкаларына медициналык жардам зарыл болгон жок", — деди директор.
Маалыматка караганда, алар Бишкекке жөнөтүлгөн. Ал эми жабыркаган кыз кечээ Түп райондук ооруканасында калтырылган. Бүгүн аны Бишкектеги ооруканага алып кетүү үчүн реанимобиль Көлгө келе жаткандыгын айтышты.
Кырсык 23-январда таңкы саат алтыларда Балбай айылынын жанынан болгондугу маалымдалды.
Кийин ырчы өзүнүн Instagram баракчасына колдоо көрсөткөндөргө ыраазычылык билдирип пост жазды.
"Аллахка чексиз мактоолор. Доктурларга таазим. Баары шүгүр. Чын жүрөктөн төртөөбүзгө берип жаткан дуаларыңыздар кабыл болсун. Аманбыз", — деди Кайратова.
Маалыматка караганда, автоунаанын ичиндеги калган жүргүнчүлөр катуу жаракат алган эмес.
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Кыргызстанда соңку бир сутканын ичинде 104 адам коронавирус жугузуп алса, 155 бейтап ооруну жеңип чыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Илдеттен эки адам каза болуп, экөө тең Бишкек шаарынын тургундары экени айтылды. Ушуну менен өпкөнү сезгенткен оорудан 1 400 кыргызстандык көз жумду.
Бир сутка ичинде катталган жаңы учурлар:
Бүгүнкү статистиканы кошкондо өлкөдө COVID-19 жугузуп алган адамдардын жалпы саны 83 900гө жетти.
Айыгып чыккандар:
Ушуну менен коронавирустан сакайгандардын саны 79 927 кишини түздү.
Бүгүнкү күндө ооруканаларда 676 бейтап дарыланууда. Алардын үчөө канааттандырарлык абалда, 419у орточо оор, 221и оор абалда, 33ү өтө оор абалда жатат. Мындан сырткары, 967 бейтап үй шартында дарыланууда.Бир сутка ичинде өлкө боюнча төрт медицина кызматкери коронавирус менен ооруп калган. Алардын ичинен экөө илдетти кызыл зонадан жуктурган. Үй карантининен үч медик чыгарылган.
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов ирландиялык Конор Макгрегордун америкалык Дастин Порьеден жеңилгени боюнча пикирин билдирди. Бул тууралуу Р-Спорт жазды.
Эки мушкер бүгүн, 24-январда, UFC 257 мелдешинин башкы беттешинде кезиккен. Америкалык спортчу кармаштын экинчи раундунда нокаут менен утту.
"Сени чемпион кылган команданы алмаштырып, спарринг-өнөктөштөрдү чанып, чындыктан алыстап, жаш балдар менен машыгып жүргөндүн кесепети ушундай болот турбайбы...", — деп Нурмагомедов Twitter баракчасына билдирүү калтырган.
This is what happened, when you change your team, leave the sparring partners who made you a champion and sparring with little kids, far away from reality.
— khabib nurmagomedov (@TeamKhabib) January 24, 2021
АКШлык Порье менен ирландиялык Макгрегор бүгүн, 24-январда, Абу-Дабидеги "Мушкерлер аралында" өткөн мелдеште кармашып, Порье атаандашын нокаутка түшүрүп утту.
Россиялык мушкер буга чейин Макгрегорду да, Порьени да титулдук беттеште мөөнөтүнөн мурда утуп, чемпиондук наамын коргогон.