Министр кесиптик билим берүүдөгү көйгөйлөрдү атады

© Фото / пресс-служба ЖКНазначенный министром образования и науки КР Каныбек Исаков
Назначенный министром образования и науки КР Каныбек Исаков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда жалпысынан 65 жогоркуу окуу жайы бар. Алардын 32си — мамлекеттик, калганы жеке менчик. Бул окуу жайларда 168 935 студент билим алат.

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын ректорлору менен Бишкекте жыйын өткөрдү. Министр кесиптик жогорку билим берүү системасындагы көйгөйлөргө токтолуп, аны чечүү жолдорун сунуштады. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Министр образования и науки КР Каныбек Исаков - Sputnik Кыргызстан
Радио
Министр: ата-энелер фонду боюнча маселе 2-3 жылда чечилип калат
Министр кесиптик жогорку билим берүүдөгү көйгөйлөр эмгек рыногундагы суроо-талап менен сунуштун ортосундагы айырма, окутуунун сапатын көзөмөлдөө боюнча механизмдердин ЖОЖдордо толук колдонулбагандыгы негизги маселе экенин белгиледи.

Ошондой эле университет жетекчилигинин чабалдыгы, маселени чечүү, критикалык ой жүгүртүү, иш билги жана башка жөндөмдөрдүн аз экенин айтты.

Исаков бул маселени чечүү үчүн алдыда жасала турган конкреттүү кадамдарды атады. Алардын айрымдары төмөнкүдөй:

  • техникалык жана гуманитардык адистиктердин ортосундагы дисбалансты өзгөртүү үчүн чечкиндүү кадамдардын планын иштеп чыгуу;
  • персоналды башкаруу системасын калыптандыруу, өнүктүрүү — окутуучуларды, мугалимдерди, менеджерлерди даярдоо жана кайра даярдоо;
  • мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жагымдуу шарттарды, атайын инфраструктураны жаратуу жана билим алууга болгон мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү;
  • университеттик илимди өнүктүрүү — изилдөөчү университеттердин пайда болуусуна шарттарды түзүү;
  • илимге мамлекеттик тапшырык алуу.

Министр, мындан сырткары, санариптик трансформациянын алкагында электрондук лицензиялоо, окуу жайларына электрондук форматта кабыл алууну киргизүү керектигин баса белгиледи.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда жалпысынан 65 жогоркуу окуу жайы бар. Алардын 32си — мамлекеттик, калганы жеке менчик. Бул окуу жайларда 168 935 студент билим алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0