Оренбургдагы жол кырсыгы: маркумдардын сөөгүн алып келүүгө өкмөт жардам берет

Жазылуу
Оренбург жана Акбулак (Россия) жолунун кесилишинде кыргызстандыктардын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Анда Mercedes минивэни менен Ford Transit үлгүсүндөгү унаалар кагышкан. Андан төрт киши көз жумуп, дагы төртөө ооруканага жеткирилген.

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Россиянын Оренбург облусунда болгон жол кырсыктан каза болгондордун жакындарына көңүл айтты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Эске салсак, Оренбург жана Акбулак (Россия) жолунун кесилишинде кыргызстандыктардын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Анда Mercedes минивэни менен Ford Transit үлгүсүндөгү унаалар кагылышкан. Анда төрт киши көз жумуп, дагы төртөө ооруканага жеткирилген.

"Өкмөт башчы Тышкы иштер министрлигине, Саламаттык сактоо министрлигине, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жана тиешелүү кызматтарга кырсыктан каза болгондорду Кыргызстанга алып келүү маселесин чечүүнү тапшырды", — деп айтылат маалыматта.

Андан сырткары, жаракат алган жарандарга зарыл болгон медициналык жардамдарды берүү керектигин айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0