Каттоо кызматы: жаңы айдоочулук күбөлүк бериле баштады

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүВ России начали выдавать водительские удостоверения нового образца
В России начали выдавать водительские удостоверения нового образца - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы документтин баасы 100 сом 86 тыйын болот. Буга чейин эски айдоочулук күбөлүктөрдүн баасы 12 евро же 920 сомду түзүп келген.

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Кыргызстанда жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр бериле баштады. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат катчысы Адилет Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, айдоочу алгач арыз жазышы керек.

"Жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк айдоочу арыз жазган соң төрт күндөн кийин берилет. Бүгүнтөн тарта убактылуу бланк менен жүргөн айдоочулар "Унаа" башкармалыгына барып арыз жаза берсе болот", — деди маалымат катчы.

Айдоочулук күбөлүк. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт: автоунааны каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү жеңилдеди
Эске салсак, быйыл июнь айынан тарта Мамлекеттик каттоо кызматы айдоочулук күбөлүк бербей калган. Себебин эски үлгүдөгү бланктар жок калды деп түшүндүргөн. Ал эми жаңысы басыла элек болчу. Айдоочулук күбөлүктүн жаңы үлгүсү басылып чыкканга чейин ордуна убактылуу бланк берилип келген. Ал 2019-жылдын 31-декабрына чейин гана жарактуу болуп саналат.

Жаңы күбөлүктүн баасы 100 сом 86 тыйын болот. Буга чейин эски айдоочулук күбөлүктөрдүн баасы 12 евро же 920 сомду түзүп келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0