Алмазбек Атамбаев баштаган 15 киши психиатриялык экспертизадан өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев. Архив
Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кой-Таштагы операция учурунда ок атылып, башаламандык жаралган. Натыйжада бир жоокер каза таап, бир нечеси барымтага алынган.

БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Кой-Таш окуясы боюнча мурунку президент Алмазбек Атамбаев баштаган 15 кишиге соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматта Кой-Таш айылында болгон массалык башаламандык жана кишилерди барымтага алуу боюнча баштапкы тергөө иштери жүрүп жатканы айтылат.

"Шектүү катары 16 киши өтүүдө. Алар оор жана өтө оор кылмышка шектелип жатканы туурасында кабардар болгон. Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренесинин негизинде 16 шектүүгө соттук-психиатриялык экспертиза дайындоо боюнча токтом чыкты. Алардын арасында Алмазбек Атамбаев да бар", — деп айтылат билдирүүдө.

Токтомдор Республикалык психикалык ден соолук борборуна жөнөтүлдү.

Кой-Таш окуясы

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Атамбаевдин ден соолугу жайында эмес. Адвокаттын билдирүүсү
Үстүбүздөгү жылдын 7-августунда мурунку президент Алмазбек Атамбаевди кармоо үчүн УКМК атайын операция жүргүзгөн. Бирок Атамбаевдин тарапташтары каршылык көрсөтүп, аракет ишке ашпай калган. Ок атылып, башаламандык жаралган. Атайын даярдыктагы жоокерлердин айрымдары барымтага алынганы айтылган. 8-августта ИИМ жүргүзгөн операциянын жыйынтыгы менен мурунку президент багынып берген.

Эскерте кетсек, Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча күнөөлөнүп жатат. Камакка алынгандан кийин дагы бир нече айып тагылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0