Өкмөт тогуз айда өлкөдө 73 миң адам жумуш менен камсыздалганын айтты

Жазылуу
Жыл башынан сентябрга чейин Кыргызстан калкынын саны 89 миң адамга көбөйүп, 6 миллион 479 миңге жеткен.

БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 9 айында өлкө боюнча 73 237 жумуш орун түзүлдү. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, анын ичинде иш орундары менен камсыздоо боюнча айыл чарба тармагы алдыңкы катарда турат.

"Ишкана, уюм жана мекемелер 6 449 адамга жумуш берген. Жеке ишкерлик жана дыйкан, мал чарбачылыгы 66 788 иш орду менен камсыздаган", — деп айтылат маалыматта.

Ошол эле учурда тогуз айдын аралыгында 620 ишкана толугу менен жабылып, 11 948 жумуш орду жоюлган.

Ушул эле аралыкта Кыргызстан калкынын саны 89 миң адамга көбөйүп, 6 миллион 479 миңге жеткени айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0