Адвокат: Атамбаев психиатриялык экспертизадан өтүүдөн баш тартты

© Sputnik / Табылды КадырбековЗакрытое заседание фракции СДПК
Закрытое заседание фракции СДПК - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атамбаев менен анын 15 тарапташы соттук-психиатриялык экспертизадан өтүшү керек болчу. Алардын бардыгы Кой-Ташта башаламандык уюштуруу жана адамдарды барымтага алуу боюнча айыпталып жатат.

БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев соттук-психиатриялык экспертизадан өтүүдөн баш тартты. Бул тууралуу анын адвокаты Замир Жоошев билдирди.

"Ооба, баш тартты. Анын баш тартууга укугу бар", — деди жактоочу.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина кечээ күнү Атамбаевге комиссия барганын айтып, бирок ал экспертизадан өтүүдөн баш тартып койгонун белгиледи. Ал ошондой эле Кылмыш процессуалдык кодекси боюнча айыпталуучу экспертизадан өтүүдөн баш тартууга укуктуу экенин кошумчалады.

"Бирок бул жерде мындай факты бар, экспертиза жөнүндөгү токтомго 22-октябрда кол коюлуптур, бирок бизди эч ким кабардар кылган эмес", — деди Карамушкина.

Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндөгү атайын операция. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЖК комитети Кой-Таш окуясы боюнча иликтөөнүн корутундусун талкуусуз эле колдоду
Эл өкүлү экспертизадан баш тартып коюуга укуктуу болсо дагы өтүп койгонун кошумчалады.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 7-августунда Кой-Таш айылында УКМКнын атайын даярдыктагы аскери Алмазбек Атамбаевди кармоого аракет кылып, бирок ага мурдагы президенттин тарапташтары каршылык көрсөтүп ишке ашкан эмес. Эртеси, 8-августта, укук коргоо органдары кайрадан операция жүргүзүп, Атамбаев багынып берген.

Бул ишти иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия түзүлүп, курамына ЖК депутаттары, өкмөт мүчөлөрү жана коомдук ишмерлер кирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0