Кыргызстандагы аңчылык чарбаларга кимдер ээлик кылат? Тизме

© AFP / GUILLAUME SOUVANTАңчы. Архив
Аңчы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку Кеңештин 40 депутаты буга чейин 2020-2030-жылдары Кыргызстандын аймагында аркар-кулжа, эчки-теке, элик, марал-бугу, доӊуз сыяктуу төрт жапайы жаныбарга аңчылык кылууга мораторий киргизүү сунуштаган.

Бирок өкмөт ага каршы чыгып, мындай өзгөртүүлөргө мамлекеттик органдар каржылык маселелерден улам даяр эместигин жүйө келтирген.

Sputnik Кыргызстан агенттиги өлкө аймагындагы аңчылык чарбаларды тизмектеп, ага кимдер ээлик кыларын тактап көрдү. Себеби алар чет элдиктердин аңчылык кылуусуна түзмө-түз көмөктөшүп акча табат.

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, учурда өлкө аймагында 41 чарба аңчылык менен алектенет. Алардын ишмердүүлүгүн аталган мекеменин Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаменти көзөмөлдөйт.

Охота в Турции - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда атылган жаныбарлар менен канаттуулардын саны
Аңчылык кылуу тартиби боюнча жыл сайын мамлекет тарабынан квота бөлүнөт. Анын негизинде жеке чарбалар кайсы жаныбарды каяктан канчасын атууга уруксат берилгени белгиленет. Ошондо гана лицензиясы бар ЖЧК аркар-кулжа, тоо теке, элик жана карышкыр атууга кызыккан чет элдиктерди өздөрү таап, алар коштоп аңчылык кылдыртат.

Өкмөт саткан лицензиянын акчасынын 25 пайызы жаныбар олжолонгон аймактын жергиликтүү бюджетине, 40 пайызы Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигине жана калган 35 пайызы аңчылык чарбасына түшөт.

"Булат-М"

Аталган жоопкерчилиги чектелген коом 2018-жылдан баштап иштейт. Аны президент жана өкмөттүн иш башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Курманбек Темирбаев жана "Бишкек машина куруу заводу" акционердик коомунун мурдагы президенти Кумаш Рысалиев негиздеп, Megacom компаниясынын директорунун мурдагы биринчи орун басары Темирбаев Арстанбек Курманбекович жетектейт. "Булат-М" ЖЧКсы өткөн жылы мамлекетке бир миллион 762 миңдей салык төлөгөн. Жыл башынан бери өлкө аймагында бир аркар, эки тоо теке аттырууга жетишкен.

"Диана-Тревел"

ЖЧК 2016-жылдан баштап иштей баштаган. Юстиция министрлигинин сайтында негиздөөчүсү катары Аглушевич Анастасия Петровна, Калбаева Эльмира Тургуналиевна көргөзүлүп, аны Анастасия Аглушевич өзү жетектейт. Ачык булактарда аталган чарба 2018-жылы 1,4 миллион сомго жакын салык төлөгөндүгү көргөзүлгөн. 2019-жылы чет элдиктерге эки аркар-кулжа, тогуз тоо теке атууга жардамдашкан.

"Калкан и К"

Город Исфана в Лейлекском районе Баткенской области - Sputnik Кыргызстан
Табияттын мыйзамы бузулса, табият менен жазалайт. Кайберендин каргышына калба
"Калкан и К" жоопкерчилиги чектелген коому 2008-жылдан бери өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Бул аңчылык чарбасын Мамлекеттик токой кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Самыкбаев Амантур Калканович ачкан. Аны 2012-жылы Каракол шаардык кеңешине талапкер болгон Мааткеримов Бейшенбек Боталиевич жетектейт. Бул ЖЧК 2018-жылы өлкө казынасына 2 миллион 686 миң сомдой акча төлөп, 2019-жылы алты тоо теке аткан.

"Кыргыз мамлекеттик анчылык чарбасы"

Бул мамлекеттик ишкананы президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгы негиздеген. 2019-жылдын 1-ноябрына чейин аталган чарба 700 миң сомдук бир аркар, 100 миң сомдук жети тоо текени аттырган. Ал эми өткөн жылы өлкө казынасына 3 миллион 768 миң сомдук салык төлөгөн.

"Фортуна трэвел"

Жоопкерчилиги чектелген коомду Абдразаков Талантбек Аскарович, Асанмолдоев Эсенаман Кадырбекович, Дүйшөбаев Аскат Касымбекович аттуу жарандар ачкан. Өзүнүн ишмердүүлүгүнүн аркасында 2018-жылы мамлекетке 2 миллион 233 миң сомдук төлөм аткарган. Быйыл болсо эки аркар-кулжа, 19 тоо теке атууга уруксат кагазын алып, 13 тоо теке атууга жетишкен.

Felis

Бишкекте катталган бул ЖЧКны Исмагомбетов Азамат Серекбаевич негиздеген. Ал жаран Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын сайтында муфтийдин кеңешчиси катары көргөзүлгөн. Аны Магомедов Омар Мусаевич жетектейт. Аңчылык чарбасы үстүбүздөгү жылдын башынан бери өлкө казынасына 471 миң сомдон ашык төлөм аткарып, бир дагы жапайы жаныбар аткан эмес.

"Ысык-Көл Интур"

Жоопкерчилиги чектелген коом 2017-жылдан бери иштеп, аны негиздөөчү Турдумамбетов Куралбек Чыныбекович иштетет. Жыл башынан бери аталган чарба чет элдиктерге 14 тоо теке атууга көмөктөшкөн.

Central Asian Safari Club

ЖЧКны Годунина Рената Маликовна аттуу жаран ачып иштеткен. Өткөн жылы ишкана 960 миң сомдой мамлекетке салык жана төлөмдөрдү аткарып, быйыл чет элдик жарандарга 14 тоо теке аттырган.

ALA-TOO ADVENTURE TOUR

Аталган ЖЧКны Бакыева Жаныгуль Асымкуловна, Лухманова Валентина Николаевна, Момунова Сайрабүбү ачкан. Туризм жана аңчылык менен алектенген жеке ишкана 2018-жылы 4 миллион 359 миңдей сомду мамлекетке төлөп, быйыл чет элдиктерге бир аркар, 20 тоо теке атууга жардамдашкан.

"МК-Тревл"

Кыргызстан кайберенин чет элдиктерге аттырып канча акча таап жатат? - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан кайберенин чет элдиктерге аттырып канча акча таап жатат? Инфографика
Юстиция министрлигинин сайтында аталган аңчылык чарбанын негиздөөчүлөрү катары Новиков Виталий Анатольевич, Ванцеровская Людмила Федоровна, Ванцеровский Юрий Викторович көрсөтүлгөн. Жеке ишкана өткөн жылы өлкө казынасына 4,5 миллион сомдон ашык каражат төгүп, 2019-жылы эки аркар-кулжа, 17 тоо теке аткан.

"Джура"

Жоопкерчилиги чектелген коомун Кутманалиев Бактыбек Жолбунович ачкан. Аны кызы Кутманалиева Рената Бактыбековна жетектейт. Аңчылык чарбасы 2018-жылы өкмөткө 4 миллион 155 миң сом төлөгөн. Быйыл сырттан келген конокторго Нарын облусунун аймагынан үч аркар-кулжа, 17 тоо теке аттырган.

"Профи-Хант"

ЖЧКны негиздөөчү Закиров Алмазбек Зарылбекович аттуу жаран өзү жетектейт. Чарба жыл башынан бери чет элдиктерге эки аркар, 14 тоо теке атууда кызмат көрсөткөн.

"Бетеге"

Аңчылык чарба өткөн жылдан бери мамлекеттик казынага 3 миллион 367 сом төлөгөн. Аны Жумабек уулу Раджив негиздеп жетектеп келет. ЖЧК жыл башынан бери бир аркар, 12 тоо теке атууга жетишкен.

"Мүнүшкөр"

Жоопкерчилиги чектелген коомду Мамбеталиев Самат Эркинбекович жетектейт. Чарба 2019-жылы бир карышкыр, эки аркар, 12 тоо теке атууга көмөктөшкөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0