Муфтий Берлиндеги форумда кыргызстандык студенттер менен жолукту. Сүрөт

© Фото / пресс-служба ДУМК Муфтий мусульман Кыргызстана Максатбек ажы Токтомушев
Муфтий мусульман Кыргызстана Максатбек ажы Токтомушев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Германияда 10-декабрда башталган форум 12-декабрда жыйынтыкталат. Иш-чарага 20 мамлекетте иш алып барган ислам, иудаизм жана христиан дининин өкүлдөрү катышып жатканы маалым болду.

БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Кыргызстандын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Германиянын Берлин шаарында билим алган кыргызстандык студенттер менен жолугушту. Бул туурасында муфтияттын маалымат кызматынан билдиришти.

Ушул тапта Максатбек ажы Токтомушев Германияда мусулмандардын XV эл аралык форумуна катышууда. 

© Фото / пресс-служба ДУМКМуфтий Берлиндеги форумда кыргызстандык студенттер менен жолукту
Муфтий Берлиндеги форумда кыргызстандык студенттер менен жолукту. Сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Муфтий Берлиндеги форумда кыргызстандык студенттер менен жолукту
"Жолугушууда муфтий студенттердин ал-абалы менен жакындан таанышып, аларга билим алуунун зарылдыгын белгиледи. Студенттердин окуусуна ийгилик каалап, мамлекетке салым кошкон мыкты кадрлардан болуп чыгышына тилектештигин билдирди. Ал эми студенттер муфтийге диний чөйрөдө өздөрүн кызыктырган суроолорун берип, жооп алышты", — деп айтылат маалыматта.

Диний окуу жайдын тарбиялануучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда диний окуу жайлары бирдиктүү электрондук системага өтөт
Германияда 10-декабрда башталган иш-чара 12синде жыйынтыкталат. Форумга 20 мамлекетте иш алып барган ислам, иудаизм жана христиан дининин өкүлдөрү катышууда. Анын жүрүшүндө радикализмдин алдын алуу, салттуу руханий-нравалык баалуулуктарды сактоо, экстремизм, терроризмдин алдын алуу сыяктуу бир топ темалардын алкагында ар бир мамлекеттен келген өкүлдөр өз баяндамаларын жасашат.

Иш-чарада Максатбек ажы Токтомушев дагы сөз сүйлөп, ислам дини тынчтыкка үндөп, элдин бейпил турмушуна, конфессиялар аралык достукка чакыра тургандыгын белгилегени айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0