Ата-эне акча чогултпай калабы? Окуучуларга ысык тамак берүү мыйзамынын жол-жобосу

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезентация новой модели питания для школьников в Бишкеке
Презентация новой модели питания для школьников в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы чыккан мыйзамдын бир булочка менен бир кружка чайды эптеп берип жаткан мектептерге тиешеси барбы? Жарытылуу ашканасы жок мекемелер балдарга кантип ысык тамак даярдап берет?

Башталгыч класстын окуучуларына ысык тамак берүү мыйзамы үстүбүздөгү жылдын 23-октябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынып, ага жакында эле Сооронбай Жээнбеков кол койду. Кийинки жылдын 6-мартынан тарта күчүнө кирет.

Ага ылайык мамлекеттик, муниципалдык жана жеке мектептердин 1-4-класстарынын окуучуларынын тамактануусун уюштуруу тартиби аныкталат. Максаты — окуучуларга берилчү тамактардын менюсун түзүү жана балдарды жаш курагына дал келген азык менен камсыздоо.

Тамактанып жаткан бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда канча бала тое тамак жебейт. Жүрөк ооруткан статистика
Деген менен кээ бир мектептердин жарытылуу ашканасы жок болгондуктан бул мыйзам кантип аткарылат деген суроо жаралат. Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттиги жагдайдын чоо-жайын билүүгө аракет кылды.

Билим берүү министрлигинин Мектепке чейинки, мектепте жана мектептен сырткаркы билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Назгүл Мусаева окуучуларга ысык тамак берүү боюнча өкмөттүн программасы 2013-жылы башталганын билдирди.

Анын негизинде республика боюнча 2265 мектептин 1485и (65 пайыз) ысык тамакка өткөн. Мурда окуучуларга бир булочка жана бир кружка чай берүү менен чектелчү.

Мусаеванын айтымында, жаңы мыйзам чыкканы менен ысык тамак үчүн кошумча каражат бөлүнбөйт. Болгону буга чейин колдонулуп келген өкмөттүн программасы мыйзамдаштырылды. 

© Sputnik / Эркин СадыковБилим берүү министрлигинин Мектепке чейинки, мектепте жана мектептен сырткаркы билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Назгүл Мусаева
Ата-эне акча чогултпай калабы? Окуучуларга ысык тамак берүү мыйзамынын жол-жобосу - Sputnik Кыргызстан
Билим берүү министрлигинин Мектепке чейинки, мектепте жана мектептен сырткаркы билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Назгүл Мусаева
"Мамлекет тарабынан мурдагыдай эле ар бир окуучуга 7-10 сом бөлүнөт. Мында ысык тамак үчүн ата-энелердин өз каалоосу менен берген каражаты, мектептин көмөкчү чарбасы үчүн айыл өкмөттөн жер берилиши мыйзамдуу түрдө бекетилди", — деди адис.

Ошондой эле ал эгер ата-энелер акча берүүдөн баш тартса, мамлекеттин 7 сомуна деле ысык тамак жасаса болорун белгиледи. Бул үчүн ашканын бүт шарты болууга тийиш.

Таласта №2 мектепке ашкана салынып, ысык тамак бериле баштады. Видео - Sputnik Кыргызстан
Таласта №2 мектепке ашкана салынып, ысык тамак бериле баштады. Видео
"Албетте, бир балага 7 сомго эч нерсе даярдап бере албайсың. Бирок баарыныкы чогулганда жасаса болот. Мисалы, эки күн каша же шорпо, калган үч күнүн мешке бышырылган пирожки, ичкенине айран, сүт, компот берсе болот. Эгер ата-энелер үч сомдон кошуп берсе, жума бою ысык тамак даярдоого мүмкүнчүлүк жаралат. Ал эми жергиликтүү бийлик ашканасын жакшыртып берсе, тамак даярдоочу жабдыктарды донорлор аркылуу алып беребиз. Учурда бул боюнча Япония, Корея, Сауд Аравия, Россия жана БУУнун Азык-түлүк программасы менен иштешип жатабыз", — деди Мусаева.

Демек ашканасы бар мектептердин жетекчилиги өз аймагындагы билим берүү мекемесине кайрылып жардам алса болот. Жаңы мыйзам чыккандан кийин ашпозчу үчүн да штат бөлүнгөн.

Эми ушул мыйзамда жазылган жагдайларды жөнөкөй тил менен түшүндүрөбүз.

Ысык тамак берүүгө милдеттеме алган органдар

Саламаттык сактоо жаатындагы органдар билим берүү тармагындагы мамлекеттик мекемелер менен биргеликте окуучулардын тамактануусунда санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин жана ченемдердин сакталышына көзөмөл кылат. Ошондой эле учурда жоопкерчиликти да мойнуна алат.

Министр образования и науки КР Каныбек Исаков - Sputnik Кыргызстан
Радио
Министр: ата-энелер фонду боюнча маселе 2-3 жылда чечилип калат
Өкмөт окуучулардын тамактануусун каржылоо, уюштуруу, тамак-аштын коопсуздугун жана сапатын камсыз кылуу тартибин бекитет.

Жергиликтүү бийлик мүмкүнчүлүгүнө жараша окуучулардын тамактануусун уюштуруу, ошондой эле тамак-аш рационун кеңейтүү үчүн тиешелүү шарттарды түзүүгө көмөктөшөт. Айыл жеринде мектептин чарбасына жер үлүштөрүн мүмкүнчүлүгүнө жараша бөлүп берет.

Мектеп алдындагы чарбаларды уюштуруу тартиби өкмөт тарабынан аныкталат.

Мектеп курууда ашканасы долбоордук-сметалык документке киргизилет. Бул ар бир жаңы салынган мектепте окуучуларга ысык тамак берүүгө ылайыкталган ашканасы болушу керек дегенди түшүндүрөт.

Ким каржылайт?

Биринчи кезекте ысык тамак берүү республикалык бюджеттен каржыланат. Андан кийин жеке жана юридикалык жактар өз ыктыяры менен демөөрчүлүк кылат. Буга ата-энелер чогултуп берген каражат да кирет.

Комплекс-лицей № 1 имени Чингиза Айтматова - Sputnik Кыргызстан
Ата-энелерден 28,5 млн. сом чогулткан мектептин директору иштен четтетилди
Мындан сырткары, Кыргызстандын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактар колдоо көрсөтө алат.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарларындагы мектептер жергиликтүү бюджеттин эсебинен камсыздалат;

Дегеле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары финансылык мүмкүнчүлүгүнө карап окуучулардын тамактануусуна кошумча каражат бөлүп берүүгө укуктуу.

Жаңылыктар түрмөгү
0