Жогорку Кеңеш 7 жол эрежеси боюнча айып пулду кыскартууну колдоду

© пресс-служба мэрии города БишкекМанас проспектисиндеги автоунаалар. Архив
Манас проспектисиндеги автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жактырылган мыйзам долбооруна ылайык, айрым эреже бузуулар боюнча айып пулдар төмөндөтүлсө, жасалма номер тагып жүргөндөргө чаралар күчөтүлдү.

БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңеш жол эрежеси бузулган учурда салына турган айып пулдардын көлөмүн азайткан мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда колдоого алды.

Муну менен катар автоунаасына жасалма номерлерди тагып алып жүргөндөргө салынчу айып пулдун көлөмүн жогорулатуу сунушталды.

Төмөнкү эрежелер бузулса айып пулду 3000 сомдон 1000 сомго кыскартуу сунушталды:

  • Жол белгилеринин талаптарына баш ийбөө;
  • Жол чийиндеринде көрсөтүлгөн талаптарды аткарбоо;
  • Автоунааны токтотууда эреже бузуу;
  • Коопсуз дистанцияны, интервалды сактабоо, автомагистралдарда жол эрежесин бузуу;
  • Унаалардан ашып өтүүдө эреже бузуу;
  • Эскертүүчү сигналды же жарык берүү жабдыктарын колдонууда эреже бузуу:
  • Жол чырактын алдындагы токтотуучу сызыктан (стоп-линия) талаптарды аткарбоо.

Эми мыйзам долбооруна президент кол коюшу керек.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Жаңылыктар түрмөгү
0