100гө чукул куткаруучу иштеп жатат. Кумтөрдө издөө иштери уланууда

© Фото / пресс-служба МЧС КРКумтөр кенинде көчкү басып калган эки кызматкерди издөө иштери
Кумтөр кенинде көчкү басып калган эки кызматкерди издөө иштери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
1-декабрда саат 5.43тө Кумтөр кенинин Лысый аймагында жердин борпоң теги көчүп, натыйжада аталган участокто иштеп жаткан эки жумушчу дайынсыз жоголгон.

БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Кумтөр кенинде көчкү басып калган эки кызматкерди издөө иштери уланууда. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

"Күн сайын жеринде ӨКМдин 94 куткаруучусу иштеп жатат. Казуу иштерине "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын 40 техникасы тартылган", — деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми компаниянын маалымат кызматынын жетекчиси Марина Гаврилованын айтымында, ачык жердеги кен казуу иштери дагы деле токтоп турат. Анткени болгон аракет көчкү алдында калган кызматкерлерди табууга жумшалууда.

Массовые беспорядки в Киргизии - Sputnik Кыргызстан
24 жылдан берки Кумтөрдөгү кырсыктар. Тик учак кулап, жер алдында калып...
Белгилей кетсек, 1-декабрда саат 5.43тө Кумтөр кенинин Лысый аймагында жердин борпоң теги көчүп, натыйжада аталган участокто иштеп жаткан эки жумушчу дайынсыз жоголгон. Үйүлгөн жараксыз катмардын узуну 450 метр, туурасы 570 метр жана бийиктиги 50 метрге жетип, жалпы көлөмү 12 миллион 825 миң метр куб экени айтылган.

Кендин ачык жерлеринде иш токтоп, алгач жалпысынан ӨКМден 92 куткаруучу, кинологдор жана альпинисттер тартылганы белгилүү болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0