Бишкек мэриясы быйыл карамагына кайтарылган объектилерди тизмектеди

Жазылуу
Учурда мэриянын муниципалдык мүлк башкармалыгы жалпы аянты 1300 чарчы метр болгон эки имаратты кайтаруу аракеттерин көрүп жатат.

БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Бишкектин мэриясы быйыл муниципалитеттин карамагына алынган объектилерди тизмектеди.

Мында кеп учурунда мыйзамсыз түрдө жеке тараптарга берилип кеткен имараттар тууралуу болуп жатат.

Кайтарылган объектилердин тизмеси:

  • Төрт бала бакча. Алар 11, 6-кичирайондордо, Чокморов, Нарвский көчөлөрүндө жайгашкан;
  • Ак-Кула ат майданы. Соттун чечими менен муниципалитеттин карамагына 30 имарат кайтарылган. Ошондой эле ипподромго тиешеси бар 54 гектар жер да мэрияга өткөн;
  • Фучик паркынын 1,33 гектар жери. Ленин райондук соту белгиленген жер аянтындагы курулуп бүтпөй калган кинотеатрдын ордун сатуу 1999-жылкы келишимди мыйзамсыз деп тапкан;
  • Беш батир. Алардын жайгашкан даректери: Жаш гвардия проспектиси, Луцкий туюк көчөсү, Малдыбаев көчөсү, Фучик көчөсүндөгү муниципалдык жатакана;
  • Токтоналиев көчөсүндөгү 6 сотых жер тилкеси;
  • "Бишкек башкы архитектура" муниципалдык ишканасынын имараты;

Учурда мэриянын муниципалдык мүлк башкармалыгы жалпы аянты 1300 чарчы метр болгон эки имаратты кайтаруу аракеттерин көрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0