Чек ара кызматы: Баткенде абал тынч, тажикстандыктар тракторлорун чыгарып кетти

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүТрактор. Архив
Трактор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын Чек ара кызматынын жоокерлери тажикстандыктардан ишти токтотууну талап кылганы менен беркилер аны аткаруудан баш тарткан.

БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Баткен облусунун Кара аймагындагы чек аранын такталбаган жеринен Тажикстан жарандары сүйлөшүүдөн соң алты тракторун чыгарып кетти, учурда абал тынч. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.

Бүгүн Баткен облусундагы Миң-Булак айылынын Кара аймагындагы тактала элек тилкеге тажикстандык жарандар алты трактор менен кирип, жерди түздөй баштаган. Маалыматта алар айыл чарба иштерин жасап жаткан деп айтылган.

"Кыргызстандын Чек ара кызматынын жоокерлери барып, тажикстандыктардан ишти токтотууну талап кылганы менен беркилер аны аткаруудан баш тарткан", — деп айтылат маалыматта.

Андан соң эки тараптын чек ара ведомстволорунун жетекчилери, чек арага жакын жайгашкан райондун акимдери, кадастр кызматы менен айыл өкмөттөрү жолуккан. Мунун жыйынтыгында чек араны демаркациялоо, делимитациялоо иштери өкмөт аралык чек ара сызыгын аныктамайын, мындай аракеттерди токтотуу чечими кабыл алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0