Парламентте Айтматовдун үй-музейин мамлекеттин эсебинен оңдоо сунушталды

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун Бишкектеги үй-музейи. Архив
Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун Бишкектеги үй-музейи. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бекешев өкмөт Москва шаарына жазуучунун айкелин коюу үчүн 30 миллион сом бөлгөнүн айтып, үй-музейди көңүл тышында калтырбоого чакырды.

БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун Бишкектеги үй-музейин мамлекеттин эсебинен оңдоону сунуштап, өкмөттөн каражат бөлүп берүүнү өтүндү.

Парламенттин депутаттары бүгүн жалпы жыйында "Ар кандай маселелерди" талкуулашты.

Депутат Айтматовго арнап эстелик тургузулуп, көчөлөргө аты берилгенин айтып, бирок анын үй-музейине тийиштүү деңгээлде көңүл бурулбай жатканын билдирди.

"Ал жакка чет мамлекеттин жогорку даражалуу адамдары келип жатат. Быйыл эле Россиянын, Казакстандын президенттери келип кетти. Айтматовдун үй-бүлөсү музейди өзүнүн каражатына, тилекке каршы, оңдой албай жатат", — деди ал.

Бекешев өкмөт Москва шаарына жазуучунун айкелин коюу үчүн 30 миллион сом бөлгөнүн айтып, үй-музейди көңүл тышында калтырбоого чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0