Жасалма номерлүү автоунаа боюнча Башкы прокуратура жаңы маалымат таратты

© Sputnik / Антон Подгайко / Медиабанкка өтүүУнаанын жанында турган адам. Архив
Унаанын жанында турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Башкы прокуратура "Коопсуз шаардын" камераларынан жеке маалыматтарды ким таратып жана жасалма номерлерди ким бергендигин териштирип жатат.

БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Башкы прокуратуранын маалымат кызматы Бишкекте жасалма номер менен жүргөн чуулуу автомобилдин окуясы боюнча жаңы маалыматтарды таратты.

Мындан бир нече күн мурда социалдык тармакка "Коопсуз шаар" долбоорунун камераларынан тартылган беш башка автоунаа бир эле — 01KG 578 ACD номери менен жүргөн сүрөт тараган. Бир сүрөттө автоунаа айдап бара жаткан кишинин бети таанылгандай тартып алынган. Бир катар интернет колдонуучулар бул киши Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Алмаз Мамбетов деп жазышты. Аткаминер сүрөттөгү киши ал эмеcтигин айтууда.

Проект Безопасный город в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
ИИМ унаага тагылчу жасалма номер кантип аныкталарын айтты
Бир аз мурда Жол кыймылы коопсуздугун камсыз кылуу боюнча башкы башкармалык ошол жасалма номер тагылган автоунааны айдап бара жаткан жигиттин табылгандыгын билдирген.

Башкы прокуратурадан бул ишти териштирүү боюнча арыз менен Алмаз Мамбетовдун өзү кайрылгандыгын айтышты. Ал жасалма номер менен бара жаткан киши менен сүрөттү чыгарып, адамдын жеке маалыматын ЖМКга таратып берген ЖКККББнын мониторинг борборунун кызматкерин жоопко тартууну суранган.

ИИМ "Кызматынан кыянаттык менен пайдаланган" деп аталган берене менен ишти сотко чейинки иликтөөгө алды. Тергөө маалыматты таратып жиберген кишилерди жана жасалма номер бергендерди тапмакчы.

Аны менен катар эле ЖМКларда рулда Мамбетов эмес, прокуратура кызматкери болгон деген маалыматтар тарап жаткандыгын аталган көзөмөл органынан айтып беришкен.

Башкы прокуратуранын коопсуздук жана кызматтык иликтөө боюнча бөлүмү өзүнүн кызматтык текшерүүсүн жүргүзөрүн билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0