Айып каты. Архив

Депутат: каяктагы "письмо счастья", согуштагыдай кара кагаз бул

127
(жаңыланган 11:22 12.12.2019)
Эл өкүлү "Коопсуз шаар" долбоору ишке киргенде аны "конкреттүү долбоор" эмес, "коммерциялык долбоор" деп айтканын белгилеп, аныгында эле ошондой болуп чыкканына токтолду.

БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков "Коопсуз шаардын" айланасындагы айрым жосунсуз иштерди тизмектеди.

Эл өкүлү "Коопсуз шаар" долбоору ишке киргенде аны "конкреттүү долбоор" эмес, "коммерциялык долбоор" деп айтканын белгилеп, аныгында эле ошондой болуп чыкканына токтолду.

"Бир жылга жетпеген учурда 1 миллиард сомго жакын айып пул салынып, анын 580 миллион сому төлөндү. Ошол айып пулдун 90 пайызын карапайым калк төлөп жатат. Илгери төрт буттуу карышкырдан корккон кыргыздар эми үч буттуу камералардан коркуп калды", — деди ал.

Момбеков элдин кыжырын кайнаткан дагы бир нерсе жолдо жүрүү эрежелерин жөнгө салуучу жол белгилери экенин айтты. Учурда андай алешемдиктерди далилдеген сүрөт, видеосун көтөрүп ал кишилер үйүнө чейин келип жатканын белгиледи.

"Бишкектеги жол белгилери мыйзамда каралбаган, токтом менен бекитилбеген белгилер экенин айтып жатышат. Өкмөт "Вега" компаниясынын ишин аткарып, ошонун кызыкчылыгын коргоп жатат дешүүдө. Мен өзүм чыгып көрдүм. Мына Садыгалиев менен Дэн Сяопинди карасаңар. Баратканда башка, келе жатканда башка белги турат. Өкмөт элден "шабашка" кылып жатпайбы", — деп эл өкүлү нааразы болду.

Депутат, андан сырткары, айып пул салынганын билдирүү үчүн келген катты "письмо счастья" деп атап алышканына жинденди.

"Атасынын башына "письмо счастьеби". Байларга, базаркомдорго бактылуу кат болушу мүмкүн. Карапайым калк үчүн карыз алып келген кат, баягы согуш учурундагыдай кара кагаз да", — деди ал.

Сөзүнүн аягында эл өкүлү жолдо илинип турган туура эмес жол белгилерин тез аранын ичинде алууну өкмөттөн талап кылды.

127
Белгилер:
Бишкек, Рыскелди Момбеков, айып пул
Тема боюнча
Өкмөт жарандардын жеке маалыматын коргогон орган түзөт
Жасалма номерлүү автоунаа боюнча Башкы прокуратура жаңы маалымат таратты
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров

Жүк ташуучу автоунаалар көбөйтүлөт. Акылбек Жапаров "Торугартка" барды

8
Жапаров учурда Нарында жумушчу сапары менен жүрөт. "Торугарттан" тышкары, Тайлак баатыр атындагы чек ара аскер бөлүгүнүн заставасынын абалы менен таанышты.

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нарын облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында "Торугарт" көзөмөл-өткөрүү жайына  барды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Жапаров "Фантузи" контейнердик кранынын иши менен таанышып чыккан.

"Ал мындан ары жүктөөлөр Арка аймагында  (Арка — Кытай менен Кыргызстандын чек арасынын ортосундагы нейтралдуу аймак) эмес, "Торугарт" көзөмөл-өткөрүү пунктунда ишке ашырыларын жана жүк ташуучу автоунаалардын саны көбөйтүлө турганын белгилеген.  Ошондой эле министрлер кабинетинин башчысы дезинфекциялык барьердин абалы менен таанышып, анын инфраструктурасын жакшыртууну тапшырды", — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, Жапаров Тайлак баатыр атындагы чек ара аскер бөлүгүнүн заставасынын абалы менен таанышкан.

8
Белгилер:
Нарын облусу, 'Торугарт' көзөмөл өткөрүү пунку, Акылбек Жапаров, жумушчу, сапар, тапшырма
Тема боюнча
Президенттин администрациясында бөлүмдөрдүн ордуна 4 башкармалык болору айтылды
Пробация департаментинин жетектөөчү адиси, психолог Тахмина Талгатова

Талгатова: соттолгон адамдын кылмыштан оолак болушуна коом көмөк көрсөтө алат

8
Пробация департаментинин жетектөөчү адиси, психолог Тахмина Талгатова соттолгон адамдар жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндөн кийин коомго аралаша албай кыйналарын айтты.

Коомдо соттолгон кишилерге чочулоо менен караган көз караш бар. Аларга ишеним да төмөн. Бул тууралуу Тахмина Талгатова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Талгатова: соттолгон адамдын кылмыштан оолак болушуна коом көмөк көрсөтө алат

Анын айтымында, жаза мөөнөтү бүткөндөн кийин бул адамдар өздөрүн жалгыз сезип кыйналышат.

"Пробация департаменти жеңил кылмыш жасаган мыйзам бузуучулар менен иш алып барат. Көбүнесе уурулук, каракчылык, бирөө менен мушташа кетип түрмөгө түшкөн инсандар — биздин кардарларыбыз. Алар менен психологдор тынбай иштешип турабыз. Мындай кылмышкерлердин көбү жаза мөөнөтү бүткөн соң кайра коомго аралашуудан чочулашат. Баары бир мага эч ким ишенбейт деген пикирде болуп, адамдардан оолактап жалгыз жүрүп калышат. Мындай учурда анын чөйрөсү эң чоң көмөк көрсөтө алат. Алар бул кишини өзүнө тартып, баарлашып, майда-барат иштерде деле ишеним көрсөтүп турушса ачылып сүйлөшүшөт. Соттолуп чыккан адам жардам сураган учурда болушунча баш тартпаганга аракет кылыш керек. Анткени алардын кимдир бирөөдөн көмөк сурап кайрылганы дагы өзүнчө жеңиш, — деди Талгатова.

Психолог бул боюнча коомчулукта да түшүндүрүү иштери жүргүзүлүшү зарылдыгын кошумчалды.

8
Белгилер:
психология, психолог, кылмышкер, коом, Тахмина Талгатова
Тема боюнча
Зарылбек уулу: пробация кардарлары дээрлик кайра кылмышка барбайт