Кумтөрдөгү жумушчуларды издөө үчүн чет жактан адис тартуу зарылдыгы айтылды

Жазылуу
1-декабрда таңда жер көчүп, иштеп жаткан эки жумушчуну басып калган. Аларды издөөгө 100дөй киши жана он чакты атайын техника тартылганы менен азырынча жыйынтык жок.

БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Чойбеков Кумтөр кенинде топурак алдында калган эки кызматкерди издеп табуу иштерине чет жактан дагы адистерди тартуу керектигин сунуштады.

Парламент бүгүнкү жыйынында ар кандай маселелерди кароодо.

Белгилей кетсек, 1-декабрда таңда жер көчүп, иштеп жаткан эки жумушчуну басып калган. Аларды издөөгө 100дөй киши жана он чакты атайын техника тартылганы менен азырынча жыйынтык жок.

"11 күндөн бери эки жараныбызды таппай жатышат. Ошол жерде иштеп жаткан кишилер иш-чара жай жүрүп жатканын айтышууда. "Кумтөр" жеке компания болгондуктан өзүнүн каражатынан акча бөлдүртүп, кытайдан, орустардан, казактардан кошумча кишилерди алып келип иштетиши керек", — деди ал.

Чойбеков кишилер оор шартта иштеп жатканын түшүнөрүн, бирок издегендердин санын көбөйтүү керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0