Айтматов 53, Кыдыкеева 58 жашта... "Кыргыз кереметин" жараткандар таберик сүрөттө

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт.

Даркүл Күйүкова, Сабира Күмүшалиева, Бакен Кыдыкеева өңдүү актрисалар, жазуучу Чыңгыз Айтматов, анын аркасында көз айнекчен турган драматург Эркин Борбиев жана четтеги режиссер Төлөмүш Океевдин сүрөтү 1981-жылы Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында тартылган.

Ата мекендик киночулар "Кыргызфильмдин" 40 жылдыгын белгилөө үчүн чогулган. Айтматов кинематографисттер союзунун төрагасы эле.

Ал кезеңди режиссер, сценарист, драматург Мар Байжиев мындайча эскерет:

"Чындыгында "кыргыз керемети" өткөн кылымдын 60-жылдары жаңыдан башталган. Анда Айтматовдун "Делбирим" чыгармасынын негизинде режиссёр Ирина Поплавская "Мен — Тянь-Шань" фильмин тарткан. Ошол маалда кыргыздын болочоктогу атактуу режиссер, сценаристтеринин көпчүлүгү студент кези болчу. 70-80-жылдары ата мекендик мыкты тасмалар жаратыла баштады, киночуларыбыз эл аралык кинофестивалдардан сыйлыксыз келчү эмес. Биздикилерди коңшу Казакстан, Өзбекстан сынактарга калыс болууга, жумушка, кеп-кеңеш берүүгө атайын чакыртчу. Болот Шамшиев, Төлөмүш Океев, мен болуп көп барып калдык. Себеби аларда ошол кезде бир да көрүнүктүү режиссер, сценарист жок эле. Кийин гана биздин чыгармаларыбыздын негизинде тасма тарта башташты. Ал учурда мамлекет бизди болушунча колдоп, кыргыз киносу гүлдөп турган", — деди Байжиев.

Сүрөткө түшкөн маалда Даркүл Күйүкова 62, Сабира Күмүшалиева 64, Бакен Кыдыкеева 58, жазуучу Чыңгыз Айтматов 53, драматург Эркин Борбиев 44 жана режиссер Төлөмүш Океев 46 жашта эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0