Оштон Европага аба каттамы ачылабы? Министрлик жаңы сүйлөшүүлөр тууралуу

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүУчак. Архив
Учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эскерте кетсек, ушул жылдын 15-январында президент Сооронбай Жээнбеков "Кыргыз Республикасынын Аба кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койгон.

БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Учурда Екатеринбург — Ош — Прага каттамын ачуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин авиация жана суу транспорту бөлүмүнүн башчысы Арзымат Матмуратов маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, 2019-жылдын башынан бери "Абанын бешинчи боштондугу" долбоорунун алкагында Алматы — Бишкек, Алматы — Ош, Шарджа — Бишкек жана Кувейт — Ош каттамдары ачылды. Андан тышкары, Jazeera Airways октябрдын аягынан баштап жумасына эки жолу каттам аткара баштаганы маалым.

"Учурда Кореянын Asiana Airlines, Катардын Qatar Airways, Түштүк Кытай авиалиниясы, Тажикстандын Somon Air, Ural Airlines, Сауд Аравиясынын Flynas авиакомпаниясы менен каттамдарды ачуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат", — деди Матмуратов.

Air Manas компаниясынын учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Air Manas компаниясы Pegasus менен кызматташууну токтотуп, жаңы өнөктөш тапты
Эскерте кетсек, ушул жылдын 15-январында президент Сооронбай Жээнбеков "Кыргыз Республикасынын Аба кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койгон. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2018-жылдын 6-декабрында кабыл алынган.

Ага ылайык, "Ачык асман" долбоорунун алкагында бардык учактарга Кыргызстандын аба мейкиндиги аркылуу эркин каттоого жол ачылат. Ошондой эле транзиттик жана түз каттамдар аркылуу жүргүнчүлөрдү, жүктөрдү ташууга мүмкүнчүлүк түзүлмөкчү

Жаңылыктар түрмөгү
0