Президент Жээнбековго Boeing үлгүсүндөгү учак алуу сунушталды

Жазылуу
Былтыр өлкө башчыны ташыган №1 борт моралдык жактан эскилиги жеткени, аны алмаштыруу керектиги айтылган.

БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Өлкөнүн биринчи адамдары учкан самолетту алмаштыруу сунушу былтыр президенттин жана өкмөт башчынын аппаратына берилген. Бирок ал алмаштырыла элек. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттигинин учуу жарамдуулугуна колдоо көрсөтүү бөлүмүнүн башчысы Алмаз Биймурзаев маалымат жыйында билдирди.

"Азыр президентти ташып жүргөн учак аябай эски деп айтууга болбойт. Бирок, албетте, өлкө башчынын жаңы үлгүдөгү учак менен жүрүшүн каалайбыз. Ошондуктан былтыр Жарандык авиация агенттиги алмаштыруу сунушун айткан. Бирок бардыгы бюджеттин абалына жараша болот", — деди ал.

Саммит ОДКБ в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Биринен бири өтөт! Президенттердин Бишкекке түшүп келген учактары сүрөттө
Биймурзаев кошумчалагандай, учурда президентке Boeing үлгүсүндөгү аба кемесин алуу сунушу айтылган. Бөлүм башчынын айтымында, мындай учакты башкарууга учкучтар да бар, тиешелүү шарт да түзүлгөн.

Эске салсак, былтыр өлкө башчыны ташыган №1 борт моралдык жактан эскилиги жеткени, аны алмаштыруу керектиги айтылган.

Айтса кетсек, Кыргызстандын президенти жана премьер-министри 1993-жылы өндүрүштөн чыккан Ту-154 учагы менен учат. Бирок 2017-жылдын башында Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу аталган учактын моделин эксплуатациядан чыгаруу керектигин айткан. Себеби 2016-жылдын 25-декабрында дал ушундай үлгүдөгү учак Кара деңизде кыйраган.

Жаңылыктар түрмөгү
0