БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Европа комиссиясы Кыргызстандын Евробиримдиктин "кара тизмесинен" чыгуусуна кызыкдар экенин, учурда учуулардын коопсуздугун камсыздоо шартын жакшыртуу боюнча кыргыз тараптан суралган кошумча материалдарды күтүп жатканын билдирди.
Бул жөнүндө талкуу тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Брюссель шаарындагы жолугушуусунда болгонун ведомствонун маалымат кызматы билдирди. Анда министр Еврокомиссиянын мобилдүүлүк жана транспорт боюнча башкы директору Хенрик Хололей менен сүйлөшкөн.
Анын айтымында, "кара тизмеден" чыгуу үчүн Кыргызстандагы авиациялык эрежелер эл аралык стандартка туураланды. Агенттиктин бюджети көбөйтүлдү жана адистерди дайындоо боюнча эл аралык уюмдар менен келишим түзүлдү.
"Буларды аткарган соң быйылкы жылдын апрель айында кайра текшерүү болуп, бизге 29 пункттан турган суроо берилген. Агенттик аларга август айында жооп берген. Жакында кайра тактоо иретинде 12 суроо жиберишти. Жыл жаңыргыча жооп берүүгө аракет кылып жатабыз", — деди Биймурзаев.
Анын айтымында, Авиациялык коопсуздук боюнча европалык агенттик (EASA) Кыргызстанда канча учак бар, техникалык жактан кызмат көрсөтүүчү борборлордун саны, авиация кызматкерлерин даярдоочу канча окуу жай бар, авиакомпаниялар ишин токтотуп койгон учурлар болду беле деген сыяктуу суроолорду жөнөткөн.
Ал эми журналисттердин "акыркы текшерүү учурунда эл аралык уюм кандай кемчиликтерди тапты" деген суроосуна Биймурзаев канааттандырарлык жооп берген жок.
"2015-16-жылдары кемчиликтер көп болчу. Азыр алардын көпчүлүгү жоюлуп, абал жакшырган. Анча маанилүү эмес кемчиликтер бар", — деди бөлүм башчы.
Ошондой эле "кара тизмеден" качан чыгабыз деген суроого журналисттер так жооп ала алган жок.
Кыргызстан бул тизмеде 13 жылдан бери жүрөт. Баса, биз КМШ мамлекеттери ичинен Европанын "кара тизмесиндеги" жалгыз өлкөбүз. Буга чейинки тизмеде Казакстандагы Air Astana авиакомпаниясынан башка бардык компаниялар кирген эле, бирок алар тизмеден 2016-жылы чыгып кетүүгө жетишкен.
Учурда "кара тизмеде" Кыргызстан менен катар Афганистан, Конго, Гондурас, Замбия, Мавритания, Түндүк Корея сыяктуу 30га чукул өлкө бар.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Германия Кыргызстанга 14,9 миллион евро өлчөмүндөгү карызын кечүүгө даяр. Болгону Кыргызстан ал каражатты ипотекалык кредитке жумшашы керек. Бул тууралуу журналисттерге Финансы министрлигинин Мамлекеттик карыздар башкармалыгынын жетекчиси Руслан Татиков билдирди.
Анын айтымында, өткөн жылы министрлик тышкы карызды жоюп салуу өтүнүчү менен бир нече мамлекетке кайрылган. Бир гана Германия буга макул болду.
"Жалгыз Германия карызды жоюу боюнча макулдугун берди. Документке кол коюла элек, бирок сүйлөшүүлөр болду”, — деди Татиков.
Ал кошумчалагандай, бул каражат эми Мамлекеттик ипотекалык компанияга жумшалат деп күтүлүп жатат.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Каракол шаарынын Санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматы өткөн жылдын сентябрь айында берилген Toyota Land Cruiser Prado үлгүсүндөгү жолтандабасты башка автоунаага КР президентинин иш башкармалыгы менен алмашып алды. Бул тууралуу кызматтын жетекчиси Нуркамел Бектуров билдирди.
Социалдык тармактарда “медиктерге берилген автоунааны президенттин иш башкармалыгы алып алыптыр” деген маанидеги посттор жарыяланды.
Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматынын жетекчиси менен байланышты. Ал автоунааны алмашып алышканын тастыктап, жолтандабастын ордуна Volkswagen Polo үлгүсүндөгү машина алышканын билдирди.
Эске салсак, өткөн жылдын июль айында өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнө тиешелүү автоунаага башка автонун номери тагылып жүргөн жерден кармалып, чуу чыккан. Кийин ал авто эл аралык долбоордун негизинде сатып алынганы айтылган. Көп өтпөй автокөлүк Каракол шаарынын Санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө кызматына белекке берилген.