ИИМ: Кой-Ташта көз жумган жоокерге Атамбаевге таандык снайпер мылтыгынын огу тийген

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOАтамбаевдин Кой-Таштагы үйүндөгү атайын операция
Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндөгү атайын операция - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Парламент быйыл 7-8-августта Кой-Ташта болгон окуяларды иликтеген мамлекеттик комиссиянын корутундусун карады.

БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. 7-августта Кой-Таштагы окуяда каза болгон атайын даярдыктагы кызматтын башчысынын орун басары Үсөнбек Ниязбековго "Карабин СВД" үлгүсүндөгү куралдан чыккан ок тийген. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Памирбек Асанов Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди.

Парламент быйыл 7-8-августта Кой-Ташта болгон окуяларды иликтеген мамлекеттик комиссиянын корутундусун карады.

Визит президента РФ В. Путина в Киргизию - Sputnik Кыргызстан
Адвокат: Атамбаев ооруп калгандыктан сотко келген жок
Ал эми ички иштер министри Кашкар Жунушалиев "Карабин СВД" үлгүсүндөгү снайпер мылтыгы Атамбаевге таандык экенин, андан ким ок чыгарганы такталганын, бирок тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн атын айта албай турганын белгиледи.

Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 7-августунда Кой-Таш айылында УКМКнын атайын даярдыктагы аскери Алмазбек Атамбаевди кармоого аракет кылып, бирок ага мурдагы президенттин тарапташтары каршылык көрсөтүп ишке ашкан эмес.

Мунун кесепетинен атайын даярдыктагы кызматтын башчысынын орун басары Үсөнбек Ниязбеков каза болуп, бир нече жоокер барымтага алынган.

Эртеси, 8-августта, укук коргоо органдары кайрадан операция жүргүзүп, Атамбаев багынып берген.

Эки күндөгү чыр-чатактан жалпысынан 136 киши ар кандай жаракат алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0