УКМК башчысы Атамбаев Москвага кимдин эсебинен барып келгенин айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековПрилет бывшего президента КР Алмазбека Атамбаева из Москвы
Прилет бывшего президента КР Алмазбека Атамбаева из Москвы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
УКМКнын башчысы Опумбаев депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, Атамбаев Москвага барат деген маалымат эч кандай жашыруун болбогонун белгиледи.

БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Алмазбек Атамбаевдин 24-июлда Москвага жеке учак менен учуп барып келгенине кеткен каражатты анын Билиминов аттуу досу төлөп берген. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Орозбек Опумбаев парламенттин жалпы жыйынында билдирди.

Опумбаев депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, Атамбаев Москвага барат деген маалымат эч кандай жашыруун болбогонун белгиледи.

"Ачык эле маалымат болгон. Учак Кантка конгон. Москвага барып, ким менен жолукканын, эмне деп сүйлөшкөнүн айта албайбыз, бирок бул боюнча ыкчам маалымат бар. Ага жашыруун деген гриф коюлган. Аны кат түрүндө же башка түрдө берели", — деди ал.

Парламент бүгүнкү жыйынында 7-8-августта Кой-Ташта болгон окуяларды иликтеген мамлекеттик комиссиянын корутундусун карады.

Жаңылыктар түрмөгү
0