Бишкекте 6 көпүрө курулуп, дагы 60 көчө оңдолот

© Sputnik / Максат ЭлебесовРемонт дороги проспекта Эркиндик в Бишкеке
Ремонт дороги проспекта Эркиндик в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мэрия кытай грантынын эсебинен шаардын көчөлөрүн оңдоо долбоорунун экинчи фазасын ишке ашырмакчы.

БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. 2020-жылы Бишкекте 60 көчө оңдоп-түзөлө турганын муниципалитет билдирди.

Мэрия кытай грантынын эсебинен шаардын көчөлөрүн оңдоо долбоорунун экинчи фазасын ишке ашырууга камынып жатат. Ушу тапта сынак жарыяланды. Кытай төмөнкү талапкерлерди сунуштоодо.

  • Power Construction Corporation of China Ltd компаниясы;
  • Xinjiang Beixin Road & Bridge Group Co. Ltd компаниясы;
  • Сhina Road and Bridge Corporation компаниясы.

Конкурска келип түшкөн билдирмелер 9-январда ачыкталат. Андан кийин айдын аягына чейин подрядчы компания менен келишимге кол коюу пландалууда.

Долбоордун экинчи фазасы эки жылга созулат. Мында 60 көчө оңдолуп (теңинен көбү жаңы конуштарда), алты көпүрө курулмакчы. Жолдордун басымдуу бөлүгү кеңейип, айрымдары жаңыдан салынары айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0