Тоо теке. Архив

Тоо-таштагы аркар-кулжаны кимдер аттырат? Аңчылык чарбалардын ээлери

636
(жаңыланган 15:27 13.12.2019)
Жогорку Кеңештин 40 депутаты буга чейин 2020-2030-жылдары Кыргызстандын аймагында аркар-кулжа, эчки-теке, элик, марал-бугу, доӊуз сыяктуу төрт жапайы жаныбарга аңчылык кылууга мораторий киргизүүнү сунуштаган.

Өкмөт ага каршы чыгып, мындай өзгөртүүлөргө мамлекеттик органдар каржылык маселелерден улам даяр эместигин жүйө келтирген.

Sputnik Кыргызстан агенттиги өлкө аймагындагы аңчылык чарбаларды тизмектеп, ага кимдер ээлик кыларын тактап көрдү. Себеби алар чет элдиктердин аңчылык кылуусуна түзмө-түз көмөктөшүп акча табат.

Үстүбүздөгү жылдын 1-ноябрына чейин өлкө аймагындагы аңчылык чарбалар чет элдиктерге 31 аркар-кулжа, 262 тоо теке, беш элик жана үч карышкыр аттыруга жардамдашкан.

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, учурда өлкө аймагында 41 чарба аңчылык менен алектенет. Алардын ишмердүүлүгүн аталган мекеменин Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаменти көзөмөлдөйт.

Аңчылык кылуу тартиби боюнча жыл сайын мамлекет тарабынан квота бөлүнөт. Анын негизинде жеке чарбалар кайсы жаныбарды каяктан канчасын атууга уруксат берилгени белгиленет. Ошондо гана лицензиясы бар ЖЧК аркар-кулжа, тоо теке, элик жана карышкыр атууга кызыккан чет элдиктерди өздөрү таап, коштоп аңчылык кылдыртат.

Өкмөт саткан лицензиянын акчасынын 25 пайызы жаныбар олжолонгон аймактын жергиликтүү бюджетине, 40 пайызы Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигине жана калган 35 пайызы аңчылык чарбасына түшөт.

"Арпа-Марко-Поло"

ЖЧКны Жандаралиев Темирбек Капарович жетектеп, негиздөөчүлөрү катары Алымкулова Мира Абдумаликовна, Субанов Ринат Жолдошбекович, Акаев Рысбек Чилтенович аттуу жарандар көргөзүлгөн. Аңчылык чарба 2019-жылдын 1-ноябрына чейин сегиз тоо теке атканга үлгүргөн.

"Спорттук аӊчылыкты сүйүүчүлөрдүн коому"

Коомдук бирикмени Ашымова Элиза Жумабекова ачып жетектеп келет. Чарба 2018-жылы өкмөткө  эки миллион 46 миң сомдой акча төгүп, быйыл чет өлкөдөн келгендерге бир аркар, сегиз тоо теке атууга көмөктөшкөн.

"Тур-Хан-Тенгри"

Юстиция министрлигинин расмий сайтында Бишкекте катталган чарбаны Усенов Нурдин Туратбекович ачып иштетип келгендиги жазылган. ЖЧК 2019-жылы эки тоо текени чет элдиктерге аттырган. Бул чарбада үстүбүздөгү жылдын жай мезгилинде каргаша болуп, 29 жаштагы кароолчу эки адамды атып өлтүрүп, бир аялды барымтага алып качып кеткен.

"СЕВИАН"

Жоопкерчилиги чектелген коом 2010-жылдан бери иштеп келет. Аны Шестаев Сергей Вениаминович, Матвеев Виталий Николаевич аттуу жарандар ачкан. Бул жылы аталган чарба эки аркар-кулжа, беш тоо теке атууга уруксат кагазын алып, эки тоо теке атууга жетишкен.

"Аскер аңчылык коому"

Аңчылык менен алектенгендердин башын бириктирген коомдук уюмду он жаран негиздеп, аны Джангазиев Алмаз Джангазиевич жетектейт. Чарба өткөн жылы мамлекетке 1 миллион 368 миң сомдук төлөм аткарып, быйыл алты тоо теке, 200 кекилик, 30 көгүчкөн аткан.

"Юг-Эко-Хант"

Аталган жоопкерчилиги чектелген коом жаныбарлардын териси менен иш алып барат. ЖЧКны Сыдыков Болотбек Султанович ачып, өзү жетектейт. Аңчылык чарба жыл башынан бери 50 суур, 10 тоо теке, эки аркар-кулжа аткан.

"Чатыр-Таш"

Бул аңчылык чарбаны Тойбаев Мирбек Айдарбекович негиздеген. Аталган ЖЧК 2019-жылы 700 миң сомдук эки аркар, 100 миң сомдук үч тоо теке аткан.

"Таамай"

Бул ЖЧКны Мурзаев Сүйүнбай, Осмонкул уулу Намазбек ачкан. Ат-Башы районундагы аңчылык чарба 2019-жылы эки аркар-кулжа, 14 тоо текени чет элдиктерге аттырган. 

"ТОО-ЧОЛПОНБЕК"

Жоопкерчилиги чектелген коом өткөн жылы өлкө казынасына үч миллион сомго чукул төлөмдөрдү аткарып, 2019-жылы эки аркар-кулжа, 18 тоо теке, бир карышкыр, сегиз суур атууга жетишкен. Аны Мияев Бердибек Мэлисович аттуу жаран негиздеген.

"КАБО"

Нарын облусундагы аңчылык чарбаны Нурмухамед кызы Алиман иштетип келет. Өткөн жылы ал ЖЧК 574 миң сомдой салык төлөп, быйыл чет элдиктер менен үч тоо текеге аңчылык кылган.

"БАЙГЕЛДИ"

Ал чарбага Иманбеков Мирланбек Дуйшенович ээлик кылып жетектеп келет. Жоопкерчилиги чектелген коом 2018-жылы мамлекетке бир миллион 300 миң сомдой төлөгөн. Үч аркар-кулжа, үч тоо теке атууга уруксат алып, эки тоо текени чет элдиктерге аттырууга жардамдашкан.

"ОКЧОНТОЙ"

Аңчылык чарба 2015-жылдан бери өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Аны Ибраева Назира Темирбековна, Алиев Акылбек  Сагынович негиздеген. Чарба быйыл чет элдиктерге бир аркар, тогуз тоо теке, бир карышкыр атууга кол кабыш кылган.

"Муфлон"

Жоопкерчилиги чектелген коомду Абыканова Дилбара Камбарбековна ачкан, директору Омуралиев Жумабек Сатындыевич. Акыркы беш жыл чарба өкмөткө он миллион сомдон ашык каражат төгүп, үстүбүздөгү жылы эки аркар-кулжа, жети тоо теке аттырган.

"Аргали"

Юстиция министрлигинин расмий сайтында аталган токой чарбасынын негиздөөчүсү жана жетекчиси катары Субанов Жолдошбек Омурканович көрсөтүлгөн. ЖЧК быйыл бир да жапайы жаныбар аткан эмес.

636
Белгилер:
тизме, айыл чарба, аңчылык, мыйзам, Кыргызстан
Тема боюнча
Өкмөт аңчылыкка тыюу салган мыйзам долбооруна каршы чыкты
Темиркулов: жапайы жаныбарларга аңчылык кылуудан экосистема бузулууда
Кыргызстандагы аңчылык чарбаларга кимдер ээлик кылат? Тизме
Луис Татонун DusitD2 отелиндеги теракт аттуу сүрөтү

Стенин атындагы сынак ишин жыйынтыктап, быйылкы жеңүүчүлөрдү атады

14
(жаңыланган 16:26 23.10.2020)
"Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттиги негиздеген Андрей Стенин атындагы эл аралык фотожурналистика сынагынын максаты — жаш фотографтарды колдоо, фотожурналистиканын көйгөйлөрүнө коомчулуктун көңүлүн буруу.

МОСКВА, 23-окт. — "Россия сегодня" медиатобунун маалымат кызматы. Андрей Стенин атындагы эл аралык фотожурналистика сынагынын жыйынтыгы чыгып, баш байгеге испан фотографы Луис Тато ээ болду.

Мыктыны тандоо сынактын уюштуруучусу болгон "Россия сегодня" медиатобунун мультимедиалык маалымат борборунун аянтчасында онлайн форматта өткөн.

Тато мындай сыйга "DusitD2 отелиндеги теракт" деген эмгеги үчүн татыган. Эскерте кетсек, каргашалуу окуя 2019-жылдын январында Найробидеги мейманканада болгон.

Луис Тато Стенин атындагы сынактын бир канча жолку лауреаты.

"Мен бул эл аралык сынактан үч ирет байгелүү болдум, жыл сайын кайра заявка бере берем. Анткени бул өзүмө жасалган чакырык, кесипкөйлүктү жогорулатууга мүмкүнчүлүк. Конкурска иш даярдоо, эрежеге ылайыктап заявка тапшыруу, жыйынтыгын күтүү, соңунда эл аралык калыстар тобунун баасын алуу — укмуштуудай тажрыйба. Андрей Стениндин фотосынагы жөндөмүңдү арттырып, иши жогору бааланган кесиптештерден эргүү алууга мыкты шарт түзөт. Дал ушул үйрөнүү, кесипкөйлүктү жогорулатуу мүмкүнчүлүгү мени жыл сайын конкурска катышууга түрткү болот", — деди Луис Тато.

Көргөнгө татыйт! Стенин атындагы сынактагы эң мыкты эмгектер

Конкурста 2020-жылдын лауреаттарын да атады. Бардык жеңүүчүлөрдүн ишине жогорку баа берилди. Жаш фотожурналисттер эмгеги аркылуу бүгүнкү күндүн эң талуу көйгөйүн козгоп, социалдык жана саясий кагылышуулардан тарта экологияга чейин кайрылышкан. Алардын айтымында, дал ушул чагылдырылган сулуулуктагы гумандуулуктун эбегейсиз күчү ааламды сактап калууга өбөлгө болот.

"Башкы жаңылыктар" номинациясында биринчи орунду Улуу Британиянын көз карандысыз фотожурналисти Линзи Биллинг Филиппиндеги баңгизатка каршы күрөшүү боюнча ири кампаниянын курмандыгы түшүрүлгөн "Көмүлгөн акыйкат" аттуу эмгеги менен ээледи. Ал байгелүү орунду Борбордук Америка, Гаити, Африкадан чыккан мигранттардын узак жолу көрсөтүлгөн "Түштүк чек ара" деген эмгекти жараткан француз Жофрэ Риймар менен бөлүштү. 

Линзи Биллингтин "Көмүлгөн акыйкат" аттуу эмгеги

Калькутталык репортер Сумит Саньянын "Чектеги жашоо" аттуу сүрөтү Мусуни аралынын жашоочулары тууралуу. Дал ушул эмгек "Менин планетам" номинациясында жеңүүчү болду. Бул серияда россиялык Сергей Паршуковдун "Жоголуп бараткан дүйнөнүн борбору" аттуу чыгармасы да белгиленди. 

Сумит Саньянын "Чектеги жашоо" аттуу сүрөтү

Спорт багытында түркиялык фотограф Шебнем Кошкун өзгөчөлөнүп, фридрайвер Сахика Эркумендин өлкөнүн түштүгүндө жайгашкан Гилиндире үңкүрүндө машыгып жатканын тарткан. Бул жаатта жеңиш россиялык журналист Павел Волковго кичине кезинде артиллериялык снаряддан чыккан өрттөн аман калган Алексей Талайдын тарыхы камтылган эмгеги үчүн ыйгарылды

Түркиялык фотограф Шебнем Кошкундун суу астындагы сүрөтү

Лауреаттардын толук тизмеси stenincontest.ru/stenincontest.com. сайтында жайгаштырылган.

Маалыматта атайын байгелерге да татыгандар болуп, "Башкы жаңылыктар", "Менин планетам" жана "Портрет. Биздин замандын баатыры" номинациялары боюнча аныкталды. Буга Бириккен шанхай медиа тобу, "Чайна Дейли" гезитинин интернет-порталы, Жалпы аравиялык Аль-Маядин маалымат холдинги жана дүйнөдөгү ири гуманитардык уюмдардын бири болгон Кызыл чырым эл аралык комитети өнөктөш болду.

Sputnik Кыргызстандын фотокабарчысына эл аралык сынакта сыйлык тапшырылды

Конкурс тууралуу

"Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттиги негиздеп, Россиянын ЮНЕСКО иштери боюнча комиссиянын колдоосу менен өтүп келген Андрей Стенин атындагы эл аралык фотожурналистика сынагынын максаты — жаш фотографтарды колдоо, бүгүнкү күндөгү фотожурналистиканын көйгөйлөрүнө коомчулуктун көңүлүн буруу. Бул таланттуу, сезимтал, алдыга умтулган жаш фотографтар үчүн мыкты аянтча.

Быйыл башкы маалыматтык өнөктөш Вести.Ru порталы, "Россия-Культура" телеканалы болду. Ал эми Sputnik маалымат агенттиги жана радиосу, Askanews маалымат агенттиги, Independent Media медиахолдинги, Notimex маалымат агенттиги, ANA маалымат агенттиги, RT телеканалы жана порталы, Shanghai United Media Group (SUMG), China Daily гезитинин интернет-порталы,  The Paper интернет-порталы, Al Mayadeen медиатүйүнү, Prensa Latina,  News1 маалымат агенттиктери, DBW интернет-порталы, Brasil247 жаңылыктар порталы маалыматтык колдоо көрсөттү. Мындан тышкары, "National Geographic Россия" журналы, Russian Photo, Photo-study.ru порталдары, "Академия фотографии" фотомектеби, YOung JOurnalists маалымат порталы, Нью-Делинин фотожурналистика клубу,  Enfoque Visual, LF Magazine журналдары тармактык өнөктөш болушту.

14
Белгилер:
жеңүүчү, сынак, фотограф, Андрей Стенин
Тема боюнча
Илим менен техникага кызыгасызбы? Кыздар үчүн сынак жарыяланды
Душанбедеги маршруттук таксинин жүргүнчүсү. Архивдик сүрөт

Кыргызстандан Тажикстанга кантип кетсе болот. Шарттары

27
(жаңыланган 16:26 23.10.2020)
Кыргызстандан Тажикстанга жүк ташуучу автоунаалардын айдоочулары жана тажик жарандары гана чыга алат.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Учурда Кыргызстандын жараны Тажикстанга кантип бара аларын Мамлекеттик чек ара кызматынын расмий өкүлү Гүлмира Бөрүбаева айтып берди.

Ушул тапта кыргыз-тажик чек арасындагы өткөрүү пункттары кыргыз жарандары менен автотранспорттор үчүн жабык. Коңшу өлкөгө Тажикстандын жарандары жана жүк ташуучу унаалардын айдоочулары гана өтө алат.

Казакстан мындан ары ПЦР-тести жок эч кимди киргизбейт

Алар үчүн бир шарт каралган. Ар бир киши акыркы 72 саат ичинде коронавируска ПЦР-тест тапшырып, анын терс жыйынтыгы менен гана чыга алышат.

27
Белгилер:
коронавирус, чек ара, Тажикстан, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Кыргызстандан Өзбекстанга баруунун жол-жобосу айтылды
Кара-Көл шаарынын аймагында эки автоунаа кагышты

Кара-Көлдө жүк ташуучу унаа менен Mazda сүзүшүп, экөө тең жарабай калды

0
(жаңыланган 17:01 23.10.2020)
Кырсыктын кесепетинен жеңил унаанын айдоочусу жаракат алып, Таш-Көмүр шаардык ооруканасына жеткирилген.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Бүгүн, 23-октябрь күнү, Кара-Көл шаарынын аймагында эки автоунаа кагышып, бир айдоочу Таш-Көмүр шаардык ооруканасына жеткирилди. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн өкүлү Айбек Сатыбалдиев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, окуя саат 7:30дар чамасында Бишкек — Ош жолунун 409-чакырымында болгон. 

Последствия столкновения грузового и легковой автомобили на трассе Бишкек — Ош
© Sputnik / Зульфия Тургунова
Бүгүн, 23-октябрь күнү, Кара-Көл шаарынын аймагында эки автоунаа кагышып, бир айдоочу Таш-Көмүр шаардык ооруканасына жеткирилди

Талас облусундагы Бакай-Ата районуна караштуу Миң-Жыгач айылынын 29 жаштагы тургуну Skania үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаасын Бишкектен Ошту көздөй айдап бараткан. Чукул бурулушка келгенде унааны башкара албай, каршы тилкедеги Mazda үлгүсүндөгү унааны сүзүп токтогон.

Токтогулдагы жол кырсыгы үч адамдын өмүрүн алды. Алтоо ооруканада

Кырсыктын кесепетинен жеңил унаанын айдоочусу жаракат алган.

Кагылышкан эки автоунаа тең жарактан чыкты. Алар кырсыктаганда Бишкек — Ош жолун жаап калган. Учурда талкаланган автокөлүктөр жол четине чыгарылып, эки тараптуу кыймыл ачылды.

Бул факты боюнча тиешелүү экспертиза дайындалып, териштирүү иштери жүрүп жатат.

0
Белгилер:
жабырлануучу, жол кырсык, Кара-Көл
Тема боюнча
Кочкордо Toyota Avensis кырсыктап 12 жаштагы бала каза болду