Боорукерлик борборундагы аял. Архивдик сүрөт

"Денеңди сатып жүрөсүң" деп үйдөн таякташат. Баш калкалоочу жайдагы турмуш

11137
(жаңыланган 17:17 15.12.2019)
Кышында Бишкекте үй-жайы жоктор үчүн убактылуу баш калкалоочу жайлар иштеп баштайт. "Боорукерлик борбору" Ленин районуна карайт. Бирок бул жерде селсаяктар эмес, турмушу бузулуп, туугандарына да батпай калган балалуу аялдар менен кыздар жашайт.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги аталган жайга баш багып, жашоочулардан кабар алды.

"Боорукерлик борбору" 2008-жылдан тарта барчу жери жок аялдарды балдары менен жашатып келет. Ичи 40 адамга ылайыкталган. Бул жайга жыл сайын 100дөй аял келип кетип турат. Эрежеге ылайык жарым жыл баш калкалоого болот. Анткен менен жашай турчу жер таппай жылдап жүргөндөр да бар.

Аталган борбордун негиздөөчүсү Роза Асаналиеванын айтымында, көпкө турам дегендер ынтымактуу болуусу зарыл. 

Основатель центра милосердия в Ленинском районе Роза Асаналиева
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Бишкектеги Ленин районундагы баш калкалоочу "Боорукерлик борборунун" негиздөөчүсү Роза Асаналиева
"Кайын журтуна, төркүнүнө батпаган аялдардын бул жактагы ар кошкон киши менен жашашы оңойбу? Урушуп, талашышат, балдарынын айынан чырдаша кетишет. Ушул жакта туруп милицияга чейин барып араздашкандар бар. Ичип келип чуу салгандар, колу туткактар да жок эмес. Эсимде, бир аял экинчисин кубалап, жашынып алган бөлмөсүн балка менен талкалаганга аракет кылган. Ошол себептен келгендерди этият тандаганга аракет кылабыз. Баш баккандар менен эки сааттай кенен сүйлөшөм. Көп жыл иштеп психолог деле болуп калат экенсиң", — дейт Асаналиева.

Борборго аялдарды жергиликтүү органдар жиберишет же өздөрү угуп таап келишет. Айрым учурда көчөдө калгандарды кайрымдуу адамдар алып келип таштап кетет.

Вид на здание в Центре милосердия в Ленинском районе Бишкека
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Борбордо жетекчи менен негиздөөчүдөн тышкары социалдык кызматкер менен күзөтчү гана иштейт. Эгер психолог, адвокат жана башка адистердин жардамы керек болсо, өнөктөштөрүнө кайрылышат.

"Келген аялдардын көбү сабатсыз. Паспорту жок, никесин каттоодон өткөрбөгөн болот. Биз аларга документ алып бергенге, балдарын бала бакча, окууга киргизгенге жардам беребиз. Арасында иштегендери да бар. Колу бошторго тигүүчүлүктү үйрөткөнгө аракет кылабыз. Бизде 2-3 тигүүчү машина бар. Ушул жактан эле кийим-кечек тигип, сатса болот. Жакшы жери — балдары каралуу. Бирок бардыгына мындай шарт түзүп бере албайбыз. Каражат тартыш", — деди ал.

Өкмөт "Боорукерлик борборуна" имарат бөлүп берип, коммуналдык кызмат маселесин чечип берген. Ошондой эле жашоочуларга беш ай (ноябрдан мартка чейин) бою бир маал тамакка каражат бөлүнөт. Асаналиеванын айтымында, кайдыгер карабаган адамдардын жардамы менен үч маал тамак беришет. Келгендерди кыш сезонунда гана эмес, жылы бою жашаткыдай шарттарды көрүүгө аракет кылышат.

Бул баш калкалоочу жайда жетекчи менен негиздөөчүдөн тышкары социалдык кызматкер менен күзөтчү гана иштейт. Эгер психолог, адвокат жана башка адистердин жардамы керек болсо, өнөктөштөрүнө кайрылышат.

Андан ары атын өзгөртүп, бетин сүрөткө тартпоо макулдугу менен жашоочулар менен сүйлөшүүгө мүмкүн болду.

  • Лежанки в центре милосердия в Ленинском районе Бишкека
    Бул жай 40 адамга ылайыкталган. Эрежеге ылайык жарым жыл баш калкалоого болот. Анткен менен жашай турчу жер таппай жылдап жүргөндөр да бар.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Столовая в Центре милосердия в Ленинском районе Бишкека
    Мамлекет жашоочуларга беш ай (ноябрдан мартка чейин) бою бир маал тамакка каражат бөлүнөт. Жетекчилер кайдыгер карабаган адамдардын жардамы менен үч маал тамак беришет.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
1 / 2
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Бул жай 40 адамга ылайыкталган. Эрежеге ылайык жарым жыл баш калкалоого болот. Анткен менен жашай турчу жер таппай жылдап жүргөндөр да бар.

Көгала койдой сабалган Мээримдин окуясы

21 жаштамын. Менин азаптуу күндөрүм атам менен таенем каза болгондон кийин башталды. Апамдын жана улуу байкемдин мамилеси өзгөрдү. Көз көрүнөө бөлүп, жерип башташты. Бөбөктөрүмдү эркелетсем, апам "жандарына жолобо, сен бизге тоскоол болуп жатасың" деп кагып-силкет. Анысы аз келгенсип кол көтөрө баштады. Кийинчерээк бул көнүмүш адатка айланып, колуна эмне тийсе чаап жүрдү. Үбөлүк, көсө менен уруп, соо жерим калбай калчу. Азыр да денемде көгөргөн тактар турат. Эркек башы менен байкем да кол көтөрчү. Башка бир туугандарыма мындай мамиле кылышпайт. Мындан улам бул өзүмдүн апамбы же жокпу деп ойлонуп кетем... (ыйлап). Жалкыганда эки жыл мурда Токмоктогу үйдөн качып чыгып, көчөдө скамейкаларда түнөп калгам. Ошондо таксист байке көрүп калып бул жакка ("Боорукерлик борборуна" — ред.) алып келген. Апам менен байкем артыман келип, "кызымды урбайм, жакшы көрөбүз" деп алдап алып кетишкен. Туугандарга да ушинтип айтышат!

Бирок үйгө келгенде эч нерсе өзгөргөн жок. Баягы азаптуу күндөрүм кайрадан башталды. Үйгө тыгын болсун деп ашканаларда идиш жууп иштеп жүрдүм. Жумуштан кеч келгенде апам "сен денеңди сатып жүрөсүң" деп жанга баткан сөздөрдү айтып, муштумун көтөрөт. Уу сөздөрүн укканда өлүп алгым келчү. Өзүмө кол салганга да аракет кылгам. Үйдөгүлөр "милицияга кайрылам деп ойлобо, сени эч ким укпайт" деп айтышчу. Жакында эле үйдөн дагы качып чыгып, курбумдукунда жашап жаткам. Ал жакта да көпкө жүрө албайм. Анан бул жакка келгеним туура деп ойлодум. Тажадым, үйгө кайтып баруу оюмда жок.

Азыркы максатым туруктуу иш таап, өзүнчө батирде жашасам дейм. Мени мажбурлап эле ашпозчулукка окутуп коюшкан. Тырмак жасоо, кирпик коштуруу сыяктуу курстардан окугум келет. 

Оорукчан бала төрөдүң деп куулган келин

Молодая мать с ребенком ДЦП в центре милосердия в Ленинском районе Бишкека
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Роза Асаналиева: борборго аялдарды жергиликтүү органдар жиберишет же өздөрү угуп таап келишет

21 жаштамын. Жолдошум менен жакшынакай сүйлөшүп жүрүп баш кошконбуз. Балам шал оорусу менен төрөлүп калды. Аны уккан кайненем наристени дарылаткандын ордуна жолдошум экөөбүздү ажыраштырды. "Сени уулум менен жашатпайм" деп туруп алды. Күйөөмдүн мамилеси жакшы эле, чечкиндүү болбой койду.

Энем бул дүйнөдө жок, атам пенсияда. Жаш бала менен төркүндөргө баткан жокмун. Бул жакта жашоого аргасызмын. Дарыгерлер баламдын бир колу, бир буту жакшы иштебей калуу коркунучу бар деп жатышат. Сегиз саат сайын дарысын берем. Сүт эмгенде кыйналат деп эки айында эле эмчектен чыгарып салышкан. Тамак-ашын, жалаягын сатып берем. Ооруканага да көрсөтүп турушум керек. Акча тартыштыгын сезип атам.

Азыр оюмдун бардыгы уулумдун ден соолугунда болуп жатат. Аман-эсен чоңойтуп алсам өз кесибим боюнча башталгыч класстын мугалими болуп иштесем дейм.

Төрөттөн азап чеккен Сайра

Женщина по имени Сайра в центре милосердия в Ленинском районе Бишкека
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Сайра: дарыгерлер туура эмес операция жасап жатыным менен урук түтүкчөлөрүмдү алып салышкан
Күйөөгө 35 жашымда чыктым. "Аялдын бир ажалы төрөттөн" деген чын экен. Жолдошум менен Көлдө жашап жатканда дарыгерлер мындай куракта төрөө кооптуу деп Бишкекке жөнөтүштү. Операция жолу менен жапжакшынакай уул төрөдүм. Бирок операциядан кийин ичимдин ооруганы басылган жок. Жакшы боло албай жатам дегениме карабай ооруканадан чыгарып жиберишти. Бир жумага жетпей абалым оорлошуп бейтапканага түштүм. Көрсө, мага башында туура эмес операция жасалыптыр. Ошонун кесепетинен жатыным менен урук түтүкчөлөрүмдү алып салышты. Карыганда күйөөгө чыктым, эми баланы биринин аркасынан бирин төрөп алайын деп ойлоп жүрчүмүн. Тилегимди таш капты. Операцияны биз менен кеңешип жасашкан эмес. Бул ишти дарыгерлер бири-бирине шылтап коюшту.

Күйөөм ар кайсы жумушта иштечү. Мен төрөгөндөн кийин турмуштан кыйналдык. Батирдин акысы, ичип-жегенибиз көбөйдү дегендей. Ортодон дарыланып да жаттым. Жолдошум бул учурда өзүн таштап, ичип кетти. Кайгы-капада жүрүп жолдошум быйыл өтүп кетти. Үч жашар балам менен боздоп кала бердим. Кайын журт, төркүндөрүмө баткан жокмун. Социалдык кызматкерлердин жардамы менен баш калкалоочу жайга келдим.

Азыр деле абалым жакшы эмес. Жүрөк оорулуу болуп калгам, белимде грыжа пайда болду. Оор жумуш жасай албайм. Буюрса, баламды бала бакчага берип, жеңилирээк иш тапсамбы дейм.

Кыздар билимдүү болушса...

"Боорукерлик борборунун" негиздөөчүсү Роза Асаналиеванын айтымында, бул жактагыларды айрым учурда күйөөсү же туугандары алып кетет, кээде жакшы жумуш таап батирге чыгып кетишет. Аталган жайда кыз-келиндер жашай турганын билип "жуучу" түшүп келгендер да бар экен. 

Основатель центра милосердия в Ленинском районе Роза Асаналиева
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Асаналиева: келген аялдардын көбү сабатсыз. Паспорту жок, никесин каттоодон өткөрбөгөн болот. Биз аларга документ алып бергенге, балдарын бала бакча, окууга киргизгенге жардам беребиз.

"Бир ирет журналисттер бизди тартып кетти эле, көп өтпөй эшигибиздин алдына "жуучу" түшүп келгендер болду. Албетте, татыктууларды таап, бүлө куруп кеткендер өтө эле чанда. Көбү айылды укканда чалкасынан кетип, барбайбыз дешет. Ал гана эмес элетте жашабайм, чарбачылык кылбайм деп жолдошунан качып келген келин болгон. Бул абдан өкүнүчтүү", — дейт ал.

Казиева кыз киши турмушта кор болбош үчүн билим алып окушу, таалим-тарбия алышы маанилүү экенин белгиледи.

11137
Белгилер:
турмуш, баш, аялдар, Кыргызстан
Тема боюнча
Ымыркайын карга көөмп салган келин азыр турмушка чыксам дейт... Абактан репортаж
Гашиш менен апийим кантип айырмаланат? ИИМ лабораториясынан репортаж
Кырсыктан майып болуп жатсам күйөөм жаш аял алып кетти. Үй-интернаттан репортаж