Матраимовдордун доосу. Сот үч медиа менен журналисттин эсебин камактан чыгарды

Жазылуу
Судьянын айтымында, арыз бергендер тараптын эсебин камакка алууда кызматкерлердин айлыгын ала албай калышы, ишти кароо созулуп кетиши мүмкүндүгүн айтышкан.

БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Свердлов райондук соту "Азаттык" радиосу, "Клооп" басылмасы, "24kg" маалымат агенттигинин жана журналист Али Токтакуновдун эсебин камактан чыгарды.

Төрагалык кылган судья Жылдыз Ибраимова билдиргендей, доочулар банк эсептерин камакка алуу боюнча арыздарын артка кайтарып алууну чечишкен.

Райым Матраимов: Али Токтакунов менен Ширин Айтматованы сотко бердим. Видео - Sputnik Кыргызстан
Райым Матраимов: Али Токтакунов менен Ширин Айтматованы сотко бердим. Видео
Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов, жубайы Минавар Жумаева, Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимов, жубайы Уулкан Тургунова жана "Исмаил Матраимов" атындагы кайрымдуулук фонду Свердлов райондук сотуна ЖМКлардын үстүнөн арыз жазган. Анда медиалардан моралдык чыгым өндүрүп берүүнү суранып, ар-намысын жана кызматтык репутациясын коргоп берүүнү өтүнүшкөн. Матраимовдордун койгон доосунун жалпы суммасы 60 миллион сомду түзгөнү маалым. Арызды караган сот журналист менен ЖМКлардын эсебиндеги каражатты камакка алуу чечимин чыгарган.

Судья белгилегендей, башында арызды алган сот камактан чыгаруу чечимин кайрадан карап чыкса болот.

Анын айтымында, доо арыз бергендер тараптын эсебин камакка алууда кызматкерлердин айлыгын ала албай калышы, ишти кароо созулуп кетиши мүмкүндүгүн жүйө келтиришкен.

Сот тараптардын пикирин эске алуу менен медиалардын эсебин камактан чыгаруу чечимин кабыл алды. Бирок бул доо толугу менен артка кайтарылганын билдирбей турганы айтылат.

Буга чейин президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Толгонай Стамалиева аталган маселе боюнча үн каткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0