ИИМ: мониторинг борборунун интернетке сүрөт жарыялаган кызматкери камакка алынды

Жазылуу
Буга чейин "Коопсуз шаар" долбоорунун камераларына тартылган автоунаанын сүрөтү тарап кеткен. Аны айдап бараткан киши Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Алмаз Мамбетов болушу ыктымалдыгын жазып чыгышкан.

БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автоунаага жасалма номер тагып жүргөн айдоочунун сүрөтүн жарыялаган Мониторинг борборунун кызматкери Бишкек милициясынын убактылуу кармоо жайына киргизилди. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Бирдирмеге караганда, ИИМдин ички иликтөө кызматы Mercedes-Benz үлгүсүндөгү 01KG 578 ACD номерин тагып жүргөн автоунаа боюнча териштирүүсүн аяктады.

“А.А. аттуу кызматкер камерага түшкөн эреже бузууну өзүнүн кызматтык компьютерине көчүрүп алган. Андан соң WhatsApp тиркемеси аркылуу тааныштарына жөнөткөн”, — деп айтылат билдирүүдө.

Бүгүн, 13-декабрда, ал Жазык кодексинин 304-беренесине ("Компьютердик маалыматка мыйзамсыз жетип алуу") ылайык Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Унаанын жанында турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жасалма номерлүү автоунаа боюнча Башкы прокуратура жаңы маалымат таратты
Буга чейин социалдык тармактарга "Коопсуз шаар" долбоорунун камераларына 01KG 578 ACD номери тагылган беш автоунаанын сүрөтү тарап кеткен. Алардын бирин айдап бараткан киши Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Алмаз Мамбетов болушу ыктымалдыгын жазып чыгышкан. Өз кезегинде Мамбетов тараган сүрөткө эч кандай тиешеси жок экенин билдирген. Кийин ЖКККББ жасалма номер тагылган автоунааны 22 жаштагы жигит айдап баратканын айтып, аны кармаган.

Ички иликтөө кызматынын өкүлдөрү жарыяланган маалыматтар жана машиналардын фотоколлажын иликтешкен. Алар "Коопсуз шаар" долбоорунун Мониторинг борборунда маалымат менен иштөөдө эреже бузулганын аныкташкан. Кызматтык маалыматтарды башка максатта колдонгону үчүн Мониторинг борборунун операторлору А.А. менен К.К. кызматынан алынган.

Ошондой эле кол алдындагы кишилерди тийиштүү түрдө көзөмөлдөбөгөнү үчүн аталган борбордо жетекчилик кызматта иштеген төрт киши дисциплинардык жазага тартылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0