Диванда отурган аял. Архив

Иш деп жүрүп же күйөөдөн, же баладан жок калдым го... Аялдын армандуу каты

14845
(жаңыланган 11:27 14.12.2019)
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына жашы 40тан ашып калса дагы турмушка чыга элек аялдын каты жарыяланды.

...Өкүнүп, тилимди тиштеп отурам. Азыр жашым 40тан ашты. Бирок дагы эле жалгыз боймун. Карьера, жумуш деп жүрүп үй-бүлөнү, жеке жашоомду экинчи орунга чыгарып коюптурмун. Азабын эми тартып, эмне кылышты билбей калдым.

Кесибим боюнча дарыгермин. Медициналык окуу жайда билим алып жүргөндө чогуу окуган курсташ бала менен сүйлөшчүмүн. Окууну аяктап, бүтүрүү кечеси күнү ал бала гүл берип колумду сурады. Бирок ал убакта эс-дартым карьера жасоо, иштөө болчу. Мындан улам ал баланын көпчүлүктүн көзүнчө шагын сындырып, гүлүн да албай "тие албайм" деп баш тартып койгом. Мени түшүнө албай дал болуп, жалынып-жалбарды, ыйлады, анан намысына келди окшойт, көп сөздөрдү айтты. "Өмүр бою күйөөгө тийбей кал" дегенге чейин барды. Жакшы көрчү эмесминби, же иштейм деген каалоом ушунча күч беле, айтор, мага анын сөздөрү анча таасир берген жок. Кетип калдым.

Кийин курсташым ошол жердеги эле кыздардын бирине үйлөнүп алганын уктум. Сары, толмочунан келген кыз болчу. Кейиген деле жокмун. Кийин башка балдар деле артыман ээрчип, колумду сурады, макул болгон эмесмин. Анткени оюмдун баары иш эле.

Карьерамды түптөдүм, үй алдым. Өзүмдүн иш бөлмөм болсо, ири компанияда иштеген кесипкөй дарыгер болсом деген тилектин баарына жеттим. Бирок үй-бүлөнү, күйөөнү эмнегедир тилебептирмин. "Кайда качмак эле" деп жүрүп, убакыт, өмүр кантип өтүп кеткенин аңдабай калдым. Анын үстүнө курсташтар аябай ынтымактуу болчубуз, азыркыга чейин деле катышабыз. Мени менен чогуу окуп бүткөн кыздардын турмушка чыгып, балалуу болуп иштей албай, жаш аялметтери өп-чап турмушта жашап кыйналып жатканын көрчүмүн. Балдарыбыз үй-бүлөсүн багам деп эки-үч жумушта иштеп, бутун кененирээк сунуп жата албаганына далай күбө болгом. Мага андай жашоонун кереги жок эле ал кезде. Бутума туруп, эч нерседен кыйналбай жашагым келчү.

Бир күнү баягы курсташым чогуу окуган группалаш, курсташтардын баарын айылга үйүнө конокко чакырды. Мен да бардым. Коноктоп, сый көрүп аябай жакшы отурдук. Ал үй-бүлө айылдын кадыр-барктуу адамдары экенин бир көрүп эле байкадым. Төрт уулу бар экенин билчүмүн, биринен бири өтүп бой тартып, ата-энесинин көзүн карап турушат экен. Ушул жерден жүрөгүмдү бир нерсе өйүп өттү. Жаштыгыбызды эскерип ичтик, жедик, ырдадык, бийледик. Кыз деп мени аябай сыйлашты.

Бир убакта курсташым экөөбүз өзүнчө калып калдык. Аркы-беркини сүйлөшүп отуруп: "Дагы эле турмушка чыкпай жүрөсүңбү, креслоң менен диваның сага күйөө болуп берип атабы?", - деп чучукка тийген сөздөрдү айтты.

Араң турган жаным таң атканча ыйлап чыктым. Эртеси эч кимге айтпай жолго чыгып кеттим. Үйгө келип күчүмдүн баарын ыйдан чыгардым. Ыйлаганымды көрүп апамдын жүрөгү сезди окшойт, "жалгыз жүрбөй жок дегенде бала багып албайсыңбы" деп калды. Анысына көндүм. Сураштырып, караштырсам ылайыктуу бала жок. Ошентип жүрсөм кичүү келиним дагы боюна болуп калганын айтты. Төрт баласы бар болчу. Кичүүсү эки жашка чыга элек. Анан өзү "алдырсамбы" дегенсип калганынан "мага төрөп бер" дедим.

Ошол убакта эмнегедир иним менен акылдашып, эсептешкен эмеспиз. Келинимдин ай-күнүнө жетип төрөдү. Аябай даярданып, үйгө балага керектүү нерсенин баарын алып койгом. Төрөт үйүнө барсам иним: "Эжеке, баланы сизге бере албайм. Эмне себептен мага айтпай келиниң экөөң чечип койдуңар эле? Сиз кантип бала багасыз? Анын үстүнө туугандын баласы сизге бала болуп бербейт. Азыр билинбесе да кийин кедергиси тиет. Сый бололу. Баланы башка жактан багып алыңыз", - деди. Шагымдын сынганын айтпаңыз, жер астын-үстүн болуп кетти...

Ошентип багы жокко дагы жок болуп шаабайым сууп отуруп калдым. Жашым өттү, эми кимге турмушка чыкмак элем. Чыксам деле төрөй албайм да. Эмне кылышты билбей башым маң. Жаштык кылып, апамдын айтканын укпай "жумуш" деп жүрүп ишимен башка эч нерсем жок. Көрсө, үй-бүлө, бала биринчи кезекте турушу керек экен. Эмне кылам?..

Гүлнара Жасоолова, психолог:

Чечилбей турчу маселе болбойт. Айрымдар карьераны биринчи кезекке койсо, кээ бири үй-бүлөнү коет. Экөө тең жок болсо бир жөн. Бул аял карьерасын түптөптүр. Аракети менен ойлогон ой-максатына жетиптир. Бул дагы күчтүү сапат. Андай кыла албай, ара жолдо калгандар канча.

Үй-бүлө боюнча айтсам, турмуш курууга 40 жаш кеч эмес. Таптакыр болбой калганча, кеч болсо да аракет кылыш керек. Ишин деги түптөп коюптур, эми өзүнө жолдош караштырсын, таанышсын. Дос-теңтуштары менен эки жакка чыксын. Балким, аны сыртынан жактырып жүргөн адамдар бардыр. Андайларга адам өзү кызыкмайынча билинбей жүрө берет.

Өзү деги дарыгер экен, гинекологдор менен кеңешип көрсүн. Балким турмушка чыкса, төрөй алаттыр. Эгер болбосо, азыр 40тан ашкан, 50гө чыгып калгандар ЭКУ жолу менен деле балалуу болуп жатышпайбы.

Андай жол да болбосо, бала багып алсын. Азыр өкмөт бул механизмди мурдагыдан да жеңилдетти. Үйү, туруктуу жумушу болсо баланы оңой эле багып алат. Айтор маселени чечүүнүн көп эле жолу бар экен.

Ал эми иниси менен келинине таарынбасын. Анткени балалуу болгондо ата-энеде башка инстинкт ойгонот. Балким келини убагында материалдык жактан кыйналып айтып койгондур. Бирок төрөгөндөн кийин энелик мээрим жаралат. Анан бергиси келбей күйөөсү аркылуу айттырып койгон чыгар. Алар өз баласы үчүн туура чечим кабыл алышкан. Бала материалдык жактан камсыз болуп турса дагы кийин "төрт баланы багып мени бага албай калдыңарбы" деп таарынышы ыктымал. Анын ата-энеси менен чогуу жашап жатканына кубаныңыз.

Ал эми өзүңүз турмуш куруу жолун ойлонуңуз. Азыр да кеч эмес. Башка мамлекеттерде 70-80 жашка чыгып алып деле үйлөнүп жатышат. Бакыт ар кимге ар кайсы куракта келет. Сиздин үйдө да балдардын үнү жаңырат. Анын азыркы заманда көп жолу бар. Акыркы чечимди өзүңүз кабыл аласыз. Психологго бетме-бет кездешип, аны менен сүйлөшүп, кеңешип коюу да көптүк кылбайт.

14845
Белгилер:
кат, аял, жалгыздык, үй-бүлө, психолог
Тема:
Психолог менен баарлашуу (123)
Тема боюнча
Турмушка чыгайын десем уулум каршы болууда... Аялдын каты
Аялымды ыраазы кылгым келет, бирок кантип... Майып эркектин каты
Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын кызматкери иш учурунда. Архив

Укук коргоочулар: түрмөдө COVID жуктургандар көп. Ага ЖАМКтын жообу

64
(жаңыланган 01:00 29.10.2020)
Укук коргоочулардын айтымына караганда, ЖАМКтын жабык мекемелеринде коронавирус инфекциясын жуктуруп алган учурлар көп кездешүүдө.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы эркинен ажырагандар отурган абактарда коронавирус инфекциясы көбөйүп кеткени боюнча билдирүү туура эмес деген маалымат таратты.

Буга чейин бир топ укук коргоочулар — Акыйкатчы институту, Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор "Бир дүйнө — Кыргызстан" укук коргоо уюмунун тартылган эксперттери менен чыгарган маалымат таратылган. Алар абактарда, психиатриялык ооруканаларда, балдар үйүндө коронавирус боюнча жүргүзүлгөн иликтөөнүн жыйынтыгын жарыялашкан.

Алар Жаза аткаруу мамлекеттик кызматтын (ЖАМК) жабык мекемелеринде COVID-19ду жуктуруп алган көп учурлар бар, ал эми айып салып кармап турган өзүнчө жайларда отургандар үчүн шарттар түзүлгөн эмес дешкен.

Садыр Жапаров: абакта жатканда коронавирус менен ооруп айыктым

"COVID-19 башталгандан тарта ЖАМКта коронавирустун тарап кетишине жол бербөө, аны алдын алуу боюнча иштер жүргүзүлүп келет. Андан сырткары, профилактикалык жана эпидемияга каршы тиешелүү аракеттер көрүлүп турат", — дешкен аталган ведомстводон.

ДССУнун, Саламаттык сактоо министрлигинин сунуштамаларын жана кылмыш-аткаруу системасынын өзгөчөлүгүн эске алып, эл аралык Кызыл жарым ай коомунун көмөгү менен ЖАМКтын медициналык кызматы атайын алгоритмдерди иштеп чыккан.

Алар COVID-19ду профилактикалоо жана аталган инфекцияга чалдыгышы мүмкүн деген адамдарды табуу боюнча түзүлгөн.

"Соттук-медициналык экспертизанын бүтүмүнө ылайык, пневмония илдетинен ЖАМКтан төрт киши, ал эми COVID-19дан эки киши каза тапты. Былтыркы жылы ушундай мезгил ичинде пневмониядан үч киши көз жумган", — деп айтышты ЖАМКтан.

Мамлекеттик кызматтан Жазык-аткаруу кодексине ылайык, айып изоляторунда кармалып тургандарга төшөнчү, шейшептер уктаган учурда гана берилет деп кошумчалашкан.

Ведомстводон тартип коргоочулар ЖАМК мекемелериндеги абалды туруксуздаштыруу максатында жасалма нерселерди түзүп жатат деп айтышкан.

64
Белгилер:
билдирүү, укук коргоочу, жугуу, коронавирус, түрмө, ЖАМК, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар
Тема боюнча
COVID-19 дагы эки кишинин өмүрүн алып кетти
Шаардык парк

Бейшембиге карата аба ырайы

48
Бейшембиге караган түнү өлкөнүн көпчүлүк райондорунда жамгыр, тоо этектеринде жана тоолуу аймактарында кар жаайт.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Бейшемби күнү, 29-октябрда, күндүз республиканын айрым аймактарында жамгыр, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Чүй менен Талас облусунун өрөөндөрүндө жаан карга айланат. Түнкүсүн жана эртең менен кээ бир райондордо туман түшүшү мүмкүн.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көл, Нарын жергесинде 15-20 метрге жетет.

Бишкекте абаны булгаган автоунааларды аныктоо үчүн рейд жүрүүдө. Видео

Абанын температурасы Чүйдө +4...+9, Талас менен Ысык-Көл аймагында +3...+8, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +9...+14 жана Нарында +1...+6 градус болору айтылды.

Абанын температурасы Бишкекте +7...+9 жана Ош шаарында +12...+14 градусту көрсөтөт.

48
Белгилер:
Кыргызстан, октябрь, аба ырайы
Тема боюнча
Адаттагыдан суук болот. Ноябрга карата аба ырайы
ӨКМ кызматкерлери. Архив

Токмоктун базарында чыккан өрттү толугу менен өчүрүштү

0
(жаңыланган 00:22 29.10.2020)
Токмоктун базарындагы дүкөндөн чыккан жалынды өрт өчүрүүчүлөр болжол менен эки сааттан ашык алышып жатып өчүрүшкөн.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Токмоктогу "Булак" базарынын аймагында эт саткан дүкөндөн чыккан өрттү үч бригада өчүрдү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

"Тилсиз жоо алгач чектөөгө алынып, андан кийин толугу менен саат 23:29да өчүрүлдү", — деп билдирди маалымат кызматы.

Эске салсак, ӨКМге Токмок шаарынын базарындагы дүкөндөрдүн биринен чыккан тилсиз жоо тууралуу маалымат 19:12де түшүп, ал жерге үч бригада жөнөп кеткени кабарланган.

Министрликтен кырсыктан жабыркагандар жок экендигин айтышты. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 600 чарчы метрге жеткен. 

0
Белгилер:
видео, өрт, базар, Токмок, Кыргызстан
Тема боюнча
Ош шаарындагы өрт: эки киши ооруканага түштү