Бишкек — Ош жолунда кыйынчылыкка кабылгандарга шарттар түзүлдү. Видео

© Фото / Александр ФедоровБишкек — Ош жолундагы тоннель. Архив
Бишкек — Ош жолундагы тоннель. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган жолдо күтүүсүз жагдайларга кабылган айдоочулар менен жүргүнчүлөр эми жылынуучу пункттардын кызматын пайдаланып, ал жактан тамактанып алса дагы болот.

БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Бишкек — Ош жолунда кышкысын айдоочулар үчүн кандай шарттар түзүлгөнүн айтып берди. Кеп автотыгындарга жана өзгөчө кыдаалдарга (кар көчкү, таштын кулашы сыяктуу) даярдык тууралуу болуп жатат.

"Сосновка" постунда 200 кишиге ылайыкталган жылынуу пункту ачылды. Ал жерде айдоочулар менен жүргүнчүлөргө тамак-аш берилет.

Кара-Балта шаарындагы Макаренко атындагы орто мектепте 50 адам үчүн түнөөчү жай ачылды.

Жолдун 129-чакырымында ӨКМдин жана Генералдык штабдын бирден жүк ташуучу унаалары жана куткаруучулар нөөмөттө турат. 154-чакырымда ӨКМдин куткаруучулары, ал эми 238-чакырымында авариялык-куткаруучу топ бар.

"Арал" постунда эки жылынуучу пункт ачылган. Анда тез дайындалчу тамактар запасы жана 100 кишиге жетчү идиш-аяк бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0