Өсөт деген ушу! Майрамдан кийин борбордук аянттан таштанды дээрлик чыккан жок

© Sputnik / Табылды КадырбековЦеремонии зажжения главной новогодней елки Кыргызстана площади Ала-Тоо в Бишкеке
Церемонии зажжения главной новогодней елки Кыргызстана площади Ала-Тоо в Бишкеке  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Майрам күнү аянтта "Тазалык" ишканасынын 20дай кызматкери иштеп, бир таштанды ташуучу унаа жүргөн. Мэрия шаардыктарга артын тазалап, акыр-чикир калтырбаганы үчүн ыраазычылыгын билдирди.

БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Борбор калаада башкы балатынын оту жанды. Бул майрамдан кийин "Ала-Тоо" аянтынан болгону төрт куб метр гана таштанды чыккан. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Жаңы жылдык аянтчанын салтанаттуу ачылышына эл көп келди. Майрамда фейерверк атылып, концерт тартууланды.

"Майрам аяктагандан кийин шаардыктар бизге күтүүсүз белек жасап коюшуптур. Бир да жерде таштанды жок, калтырышпаптыр. Баарын таштанды челектерге салып, таптаза кылып кеткени биз үчүн жагымдуу болду. Тазалык жана тартип үчүн шаардыктарга ыраазыбыз", — деп жазылат маалыматта.

Майрам күнү аянтта "Тазалык" ишканасынын 20дай кызматкери иштеп, бир таштанды ташуучу унаа жүрдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0