Күйөөм таштап кеткенде күчтөндүм. Кир самындан айна жасап саткан Назиранын баяны

© Sputnik / Табылды КадырбековПредприниматель Назира Муканбетова
Предприниматель Назира Муканбетова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Назира Муканбетова кадимки эле кир самындан айна жасап сатат. Бул өнөрдү келин Москвада иштеп жүргөндө үйрөнгөн. Чакан бизнесин базарда отуруп баштаган келин менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы баарлашты.

Айна салынган рюкзак, баштыгын көтөрүп кеңсебизге Назира кирип келди. Жүгүнүн оордугун сурабай эле коюңуз. Анысын эркектер деле араң көтөргүдөй. Көрсө, келин буюртма бергендерге кир жуучу каражаттарын жөө жеткирет экен.

— Баштыгыңыз да, рюкзак да оор экен. Кантип көтөрүп жүрөсүз?

— Айла жок. Минтип буюртмаларды бир алып чыкпасам улам-улам шаарга чыга албайм. Үйдө кичинекей кызым бар. 5-6 буюртманы бир алам дагы, бир багытка жеткирип келгендей кылып пландайм. Мындай оор жүктү көтөрүп көнүп деле калдым. Маршруткага отура калып, таратып, анан үйгө барып калам.

© Sputnik / Табылды КадырбековАйна салынган рюкзак, баштыгын көтөрүп кеңсебизге Назира кирип келди. Жүгүнүн оордугун сурабаңыз. Келин буюртма бергендерге кир жуучу каражаттарын жөө жеткирет экен.
Күйөөм таштап кеткенде күчтөндүм. Кир самындан айна жасап саткан Назиранын баяны - Sputnik Кыргызстан
Айна салынган рюкзак, баштыгын көтөрүп кеңсебизге Назира кирип келди. Жүгүнүн оордугун сурабаңыз. Келин буюртма бергендерге кир жуучу каражаттарын жөө жеткирет экен.

— Кыргызстанда кир самындан айна жасаган сиз элесизби же башка да атаандаштарыңыз барбы?

— Билишимче, Бишкекте азырынча мен элемин. Жакында бул ишимди патенттеп коеюн деп жатам. Ошол себептен азыр рецебин эч кимге айта албайм.

— Бул ишти качан, эмнеден улам баштап калдыңыз эле?

— 2011-жылдары Москвага кеткем. Башында ар кандай жумуштарда иштедим. Идиш, пол жуудум, соода кылдым. Ошентип жүрүп Москвада жашаган колунда бар, бай үй-бүлөнүн үйүнө бала баккыч болуп орноштум. Кычыраган үй, баары бар. Бирок эмнегедир ал үй-бүлөнүн ваннасында жалаң гана кир самын турчу. Аны көрүп ичимен "аябай сараң адамдар окшойт. Ушунча байлыгы туруп кир самын менен жуунбай эле коюшпайбы" деп ойлоп койгом. Ал кезде кир самындын пайдасын азыркыдай жакшы билчү эмесмин. Кир самын менен жуунуп, кир жууп эле койбостон, үйдү да ошону менен тазалашчу. Көрсө, кожойкенин мен караган алты жаштагы баласынын аллергиясы бар экен. Ошондон улам кир самын колдонуп калышыптыр. Кожойке сараң эмес эле колу ачык, берешен экенин кийин түшүндүм. Айлыгыман сырткары да акча берип турчу. Бир күнү "кийин жашооңдо пайдасы көп тиет" деп кир самындан айна жасоо ыкмасын үйрөттү. Ошентип эки жылдай ал жакта иштеген соң Кыргызстанга кетишим керек болуп калды.

© Sputnik / Табылды КадырбековНазира Муканбетова: кир самындан айна жасоону Москвадан үйрөндүм. Ал жактагы мен жалданып иштеген үй-бүлө жалаң кир самын колдончу. Көрсө, кожойкенин мен караган алты жаштагы баласынын аллергиясы бар экен.
Күйөөм таштап кеткенде күчтөндүм. Кир самындан айна жасап саткан Назиранын баяны - Sputnik Кыргызстан
Назира Муканбетова: кир самындан айна жасоону Москвадан үйрөндүм. Ал жактагы мен жалданып иштеген үй-бүлө жалаң кир самын колдончу. Көрсө, кожойкенин мен караган алты жаштагы баласынын аллергиясы бар экен.

— Үйрөнүп алган "рецепттин" кереги тийген турбайбы?

— Ооба. Кыргызстанга келгенден кийин 2015-2016-жылдары баягы москвалык аял көрсөткөн рецепт менен айна жасай баштадым. Апамдын үйү Аламедин -1 кичирайонунда болгондуктан, жасаган кир жуучу каражаттарды "Чынар" базарында сата баштадым. Алгач баары "кийимдин кирин кетиреби, кир жуучу машинаны бузбайбы?" деп сурай берчү.

Айна кир самындан жасалганы менен ага башка кир кетирүүчү нерселер кошулат. Бирок экологиялык таза, өз колум менен кайнатып жасайм. Суюк болот. Кир жуучу машинаны бузбаш үчүн атайын керектүү нерселер да кошулат. 10 жылдан бери кир самын менен жуунуп, ушундай айна колдоном.

Кыргызстандын программист Тилек Мамутов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Forbes кыргыз жигиттин стартапын технология жаатындагы башкы тренд деп баалады
Базарда сатып жүргөндө кардарларымды бат эле көбөйтүп алдым. Айнаны желим бөтөлкөгө куюп алып сатчумун. 10 бөтөлкө жасап чыксам, жок дегенде бешөө өтчү. Ошентип соодам акырындык менен жүрө баштады. Бул учурда базарда иштеген бир жигит менен таанышып калдым. Жылдызыбыз келишип, чогуу жашай баштадык. Анан боюма бүтүп бул ишти таштоого туура келди. Бирок экөөбүздүн нике көпкө созулган жок. Кызым үчкө чыгайын деп калганда жолдошум эч нерсеге карабай бизди таштап кетти. Ызаланып ыйлагым келди. Мага эмес, кызыма жаман болду. Атасын күтөт, сурайт. Бирок атасы келген жок. Башында капаланып жаман болдум. Бирок кайгырып отура бергенден майнап чыкпай турганын түшүнүп күчтөндүм. Белимди бекем бууп мурдагы ишимди кайра баштадым.

— Кайра базарга чыктыңызбы?

— Жок. Ишти баштоо оюма келери менен Diesel интернет-форумуна "Дайыма кир самын колдоном. Андан айна да жасайм. Ушундай кир жуучу каражат алууну каалоочулар барбы?" деп жазып койгом. Карасам "жасагыла, сөзсүз алабыз" деп жазгандар толтура экен. Аябай кубандым дагы керектүү каражаттарды алып айнанын биринчи партиясын жасадым. Кардарлар "мен алам" деп талап эле кетти. Айрымдары бир бергенде 10 бөтөлкө айнага буюртма беришет. Аны колдонуп көргөндөн кийин ыраазы болуп жазгандар көбөйө баштады. Бул мага ого бетер мотивация болду. Ишенип, жакшы экенине көзү жеткендер экинчи ирет да буюртма бере башташты.

© Sputnik / Табылды КадырбековИшкер айым: айна кир самындан жасалганы менен ага башка кир кетирүүчү нерселер кошулат. Бирок экологиялык таза, өз колум менен кайнатып жасайм. Суюк болот. Кир жуучу машинаны бузбаш үчүн атайын керектүү нерселер да кошулат. 10 жылдан бери кир самын менен жуунуп, ушундай айна колдоном.
Күйөөм таштап кеткенде күчтөндүм. Кир самындан айна жасап саткан Назиранын баяны - Sputnik Кыргызстан
Ишкер айым: айна кир самындан жасалганы менен ага башка кир кетирүүчү нерселер кошулат. Бирок экологиялык таза, өз колум менен кайнатып жасайм. Суюк болот. Кир жуучу машинаны бузбаш үчүн атайын керектүү нерселер да кошулат. 10 жылдан бери кир самын менен жуунуп, ушундай айна колдоном.

— Ошондо бир бөтөлкө айна канча сом турат?

— Бир бөтөлкө айна болгону 80 сом. Чынын айтсам, бул кир жуучу каражатты жасоо аябай кыйын, майда жумуш. Кир самынды майдалап, эзип, кайнатып бөтөлкөгө куюп жасап чыгуу оңой эмес. Анын үстүнө кызымды да караш керек. Жардам берген адам жок. Жалпы жонунан айна 80 сом, жеткирип берген акысы 40 сом. Бардыгын жөө, маршрутка менен эле жеткирип берем, ошол себептен жол акысын актасын деп 40 сом кылып койгом. Менин ушундай жүктү көтөрүп, жөө ташыганымды билген кардарларым "жок дегенде жеткирип берген акысын бир аз кымбаттатсаң деле алышат" деп үстүнө акча кошуп беришет. Кызыма ар кандай таттуу, белектерди берип жиберишет. Айтор, азыр кардарларыман, жүрөгү таза адамдардан энергия алып жатам.

— Башка жумушта иштөө оюңузга келген эмес беле?

Ишкер, кол өнөрчү Айбарча Бекова - Sputnik Кыргызстан
Токуган килемибиз 200 миң сомго сатылып, эмирге тартууланган. Ишкер Бекова менен маек
— Кичине кезимде катуу ооругам, ошол себептен бардык эле жумушта иштей албайм. Анын үстүнө кызым азыр кичинекей. Эртеден-кечке аны таштап жумушка чыгууга мүмкүнчүлүк жок. Мындан улам өз күчүмдү сынап чакан бизнес ачтым.

Бул ишти баштап кеткенимдин биринчи себеби акча таап, жан багуу болсо, экинчи себеби элге экологиялык таза каражат сунуштагым келди. Анткени азыр рактан көз жумгандар көбөйдү. Жеген-ичкенибиз химия, жуунган каражаттын баары химия.

Бул айнаны өзүм көп жылдан бери жасап, колдонуп келе жатам. Алгач өзүмө сынап көрүп, андан кийин гана элге сунуштагам. Азырынча жөнөкөй бөтөлкөгө эле куюп сатып жатам. Бирок кичине каражатым көбөйсө аталышын коюп, сыртына кагаз чаптатам. Ишти жаңы баштадым, андыктан баары алдыда деп ойлойм. Мени колдоп, мага ишенип, жасаган кир жуучу каражатымды сатып алып жаткан бардык кардарларга ыраазымын.

© Sputnik / Табылды КадырбековМуканбетова: айнаны колдонуп көргөндөн кийин ыраазы болуп жазгандар көбөйө баштады. Бул мага ого бетер мотивация болду. Ишенип, жакшы экенине көзү жеткендер экинчи ирет да буюртма бере башташты.
Күйөөм таштап кеткенде күчтөндүм. Кир самындан айна жасап саткан Назиранын баяны - Sputnik Кыргызстан
Муканбетова: айнаны колдонуп көргөндөн кийин ыраазы болуп жазгандар көбөйө баштады. Бул мага ого бетер мотивация болду. Ишенип, жакшы экенине көзү жеткендер экинчи ирет да буюртма бере башташты.

— Алдыда кандай пландарыңыз бар?

— Келечекте өзүмдү ийгиликке жеткен ишкер айым деп элестетем. Жумушка жалгыз бой, балдарын жалгыз караган аялдарды алсам дейм. Анткени бул нерсе менин башыман өттү, азыр да өтүп жатат. Баланы жалгыз чоңойтуу оңой эмес. Айрым эркектер же балдарына алимент төлөбөй, же коколой башын багалбай жүрүшөт. Мындан улам алимент маселесине өкмөт жакшы көңүл бурушу керек. Мисалы, азыр мага жардам берген эч ким жок. Апам 70 жашка таяп калды, өзү ооруп араң жүрөт. Бир туугандарым өздөрү менен өзү. Негизи эле эркекке аял эч качан көз каранды болбош керек экен. Өзүн-өзү камсыз кылганды билбесе, эркек сени каалагандай калчап, өз оюн таңуулап жашатарына көзүм жетти. Аялдарды эркекти сыйлаба же аны менен жашаба деп үндөгөн жерим жок. Бирок аларга көз каранды болбой иштеп, өз алдынча болгонду үйрөнүшүбүз керек экен. Эркектин баары бири-бирине окшош эмес. Бүлөсүн баккан бар, бага албай таштап кеткени толтура.

Жаңылыктар түрмөгү
0