Сот департаментиндеги башкармалыктын жетекчиси СИЗОго отургузулду

Жазылуу
Ал департаменттин кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүп алып, ЖЧК жетекчисинен тендерди утуу маселесин оңунан чечип берүү үчүн 3 миллион сом пара алган деп айтылууда.

БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Жогорку соттун Сот департаментинин Ресурстар башкармалыгынын башчысы А.А. УКМК СИЗОсуна киргизилди. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Искоренение коррупции в КР - Sputnik Кыргызстан
Тендерди утасың деп 3 млн. сом алды делген сот департаментинин өкүлү кармалды
Эске салсак, А.А. департаменттин кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүп алып, ЖЧК жетекчиси С.Г. аттуу кишиден райондук соттордун биринин административдик имаратын капиталдык ремонт кылуу үчүн жарыяланган тендерди утуу маселесин оңунан чечип берүү үчүн 3 миллион сом пара алганы айтылган.

Ал 11-декабрь күнү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Сот департаментинин сайтындагы маалымат боюнча, Ресурстар башкармалыгынын башчысы Аида Асаналиева болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0